Байсалов «УКМК тарабынан компромат издөөнү» иликтөөнү талап кылды

Экс-президент Роза Отунбаеванын аппарат башчысы болуп турган Эдиль Байсалов УКМКнын башчысын отставкага кетүүсүн талап кылды. Ал бул билдирүүнү кыргыз атайын кызматтары Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнө «компромат издеп» атканын «Фергана» жазып чыккандан кийин айтты.

Байсалов «Фергананын» жазгандары боюнча иликтөө жүргүзүү керектигин айтты. Басылма 19-сентябрь күнү Кыргызстандын атайын кызматтары Отунбаевага жана Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнө карата «компромат издеп жаткандыгын» жазып чыккан болчу.

Отунбаеванын администрациясынын мурдагы башчысы эгер «Фергананын» жазгандары тастыкталса, УКМКны жетектеп турган Абдил Сегизбаев отставкага кетүүсү керектигин билдирди. Ошол эле убакта, ал укук коргоо органдарына караганда «Ферганага» көбүрөөк ишенээрин айтты.

«Мен мамлекеттик жана укук коргоо органдарына ишенбейм. Учурда түрмөлөр саясий туткундарга толуп турган мезгил. Мындай көрүнүш биринчи президенттин убагында да, экинчи президенттин тушунда да болгон эмес», — деди ал.

Байсалов «Фергананын» жазып чыккандарын «аёосуз» деп атады. Саясатчынын айтуусунда, акыркы учурларда аны кармап кетүү боюнча маалыматтар тарай баштаган.

«Мени кармап кеткенден кийин, Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрүнө карата иликтөө иштери башталат. Ал (президент Алмазбек Атамбаев) сын көз менен карагандардын баарын иликтөөгө алаары бышык», — деди Байсалов.

Ал эми 2010-жылдан 2011-жылга чейин өлкөнү башкарып турган Роза Отунбаева атайын кызматтар тарабынан ага карата «компромат издөө» боюнча  «Фергана» тараткан маалыматка эч кандай жообун айткан жок.

«Компромат издөө»

Кыргыз атайын кызматтары Өзбекстан жана Кыргызстанда Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнө карата «компромат издеп жаткандыгы» тууралуу «Фергана» жазып чыккан.   

Басылманын маалыматына караганда, УКМКнын кызматкерлери «Кыргызстандын түштүгүндө экстремизм жана сепаратизмге айыпталган өзбек коомунун лидерлери» менен сентябрь айынын башында Ташкентте жолугушкан.

Басылманын маалыматында, УКМК өзбек коомуна «2010-жылдын июнь айында Роза Отунбаеванын көрсөтмөсү боюнча улуттар аралык чыр-чатакты уюштурганбыз» деген билдирүү менен видеокайрылуу жасаш керектигин айтып кайрылган.

УКМКнын сунушуна өзбек коому кандай жооп бергени тууралуу азырынча маалымат жок деп жазат «Фергана».  

Басылманын версиясында, УКМКнын бул аракети Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүүгө каршы болуп жаткан саясатчылардан Атамбаевдин «өч алуусу» катары бааланууда.

Конституцияны өзгөртүү боюнча талаш-тартыштар

Атамбаев Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы оюн билдирип чыккан Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнө карата сын-пикирлерин айта баштаган. Бирок, 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин бул өкмөттүн курамына өзү да кирген.

Реформага каршы тургандардын арасында — мурдагы президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн мурдагы министрлери жана азыркы Конституциянын автору Өмүрбек Текебаев да бар.

Алардын пикиринде, президент тарабынан демилгеленип жаткан өзгөртүү парламентти көзөмөлдөн чыгарып, сот бийлигинин ыйгарым укуктарын чектеп, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын болуп көрбөгөндөй күчтөнтөт.

Атамбаев жана анын тарапташтары, тескерисинче, жаңы конституция бийликти узурпация кылуудан сактайт деп айтууда.

Сындап чыккандарга жооп катары, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн жардамы менен Кыргызстандан качып кетүүгө үлгүргөн Кадыржан Батыровдун иши боюнча тергөө башталган. Ал Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык чыр-чатакты уюштурган деп «сепаратизмге» айыпталган.

Сүрөт: Азаттык