Атамбаевдин апта аягында ооруканадан чыгуусу күтүлүүдө

Президент Алмазбек Атамбаевдин ушул аптанын аягында ооруканадан чыгуусу күтүлүүдө. Президенттик аппараттын берген маалыматына караганда, Атамбаевге «жүрөк аритмиясы» диагнозу коюлган.

Алмазбек Атамбаев Москвадагы президенттик Башкармалыктын карамагындагы Борбордук клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Клиниканын дарыгерлери текшерүүлөрдү жүргүзүп, жүрөк оорусун дарылашкан.

«Учурда жүрөк аритмиясы толугу менен дарылануудан өттү», — деп билдирди президенттин аппаратынын маалымат жана саясат бөлүмү.

Андан сырткары, Атамбаев профилактикалык максатта «кызыл өңгөчкө эндоскопиялык аргонплазмендүү абляциясы» да жүргүзүлгөн. Аргонплазмендүү абляция — былжырлуу кабыкчаларды жогорку токтун жардамы менен дарылоо.

Процедура 2008-жылдагы Атамбаевдин Түркияда кызыл өңгөчтөн болгон операциясына байланыштуу жасалган. Дарыгерлер президенттин саламаттыгы дурус экендигин кабарлашкан.

«Дарыгерлердин корутундусунда, президенттин саламаттыгы канааттандыраарлык деп белгиленет жана ушул аптанын аягында ооруканадан чыгарылат», — деп жазылат билдирүүдө.  

Атамбаев Москвага 23-сентябрь күнү, Түркияда төрт күн тургандан соң барган. Ал 19-сентябрда Бишкектен Нью-Йоркко сапар алганда Стамбул аба майданына конуп, өзүн начар сезе баштаган. Текшерүүлөрдөн соң, дарыгерлер президент тез арада тереңдетилген дарылануудан өтүүсү керектигин айтышкан.

Эртеси күнү, президент 1-октябрга чейин кыска эмгек өргүүсүнө чыккан. Ал Түркиядагы мейманканада үч күн болгон. Президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда, Атамбаев мейманкананын кызмат акысын өз чөнтөгүнөн төлөгөн.

Президент Нью-Йорктогу БУУнун 71-Башкы ассамблеясына өзүнүн алгачкы иш сапары менен бараткан.

Атамбаевдин ордуна кыргыз делегациясын Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеп кеткен.