Эс алуу күндөрү эмне көрүүгө болот: «Америка кылмыштарынын окуясы»

«Америка кылмыштарынын окуясы» жакында эле «Эмми» сыйлыгында «мыкты мини-сериал» наамына татыган. Kloop.kgнин киносынчысы Азамат Омуралиев сериалдын биринчи сезонун көрүп, телеакадемиктердин чечими туура экендигине ынанды.    

«Америка кылмыштарынын окуясынын» (American Crime Story) биринчи сезону — бул чыныгы цирк. Чыныгы соттук жараяндардагы «РЕН ТВнын» табитиндеги реалити-шоу же тамашалар. Бирок, актанууга орун бар — бардык тамашалар болгон окуялардын негизинде тартылган.

1994-жыл. Американын иконасы, регбинин легендарлуу оюнчусу жана актёр О. Жей Симпсон Чикагого учуп баратат — андан бир саат мурда анын аялын жана аялынын ойношун мыкаачылык менен өлтүрүп кетишет. Албетте, Симпсонду айыпташат. Анда мотив бар, а полицияда — далилдер, ал эми прокуратурада — кылмыш болгон жерден ДНК жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү.

Мындай сандагы карталар менен, чыныгы жашоодо кутулуп кетүү татаал. Айрыкча, «Кылымдын жараяны» деп аталган кылмыш ишке бүткүл Американын назары салынып турган учур өкүм сүрүп турган убак болчу. Бирок, О. Жей Симпсон эптеп кетет.

Кьюба Гудинг (кол капчан) О. Джей Симпсондун ролунда

Бул спойлер эмес — сериал мына ушул маалыматтын негизинде жаралган. Симпсонго карата козголгон кылмыш иши тууралуу бир жыл аралыгында гезиттер жана телеканалдар маалымат берип турган жана Штаттардын сотунун вердикти көпчүлүккө белгилүү болгон. Сот залында ага өлтүргөн адамдын кол кабы туура келбей калгандыктан, О. Жей Симпсонду полиция Калифорниянын шоссесинде кубалаганын да билебиз. Сериал бул факттарды камтыган: интригага орун жок, жадагалса эффективдүүлүккө да басым жасалган эмес, анда социалдык көйгөйлөр жана таң калаарлык аңгемелер чагылдырылган.

«Америка кылмыштарынын окуясынын» биринчи сезону «Эл О. Жей Симпсонго каршы» деп аталат да, дээрлик цирк сыяктуу комедиялык шоуга айланат, бирок муну менен логика жоголуп калбайт. Факттар менен мелдеше албайсың — ошондуктан сериал өзүнүн ыкмалары менен каармандар тууралуу баяндоосун сызыктан чыгарбайт.

О. Жей Симпсондун окуясы — чыныгы казына. Сценаристтер андан эң көрүнүктүү каармандарды сууруп чыгышкан.

Дэвид Швиммер Роберта Кардашьяндын ролунда

Кардашьяндардын үй-бүлөсүнүн атасы, Симпсондун жакын досу болот да, «Достордо» Дэвид Швиммердин ролун ойнойт. Бул роль ага куп жарашкан — Швиммер кырк жаштагы жаш баладай, досунун күнөөсүн четке кагып, кутулууда жардамга келет.

Жактоочулар жана айыптоочулардын ролуна тандалган жылдыздар — бул башка кеп. Жагымдуу Жон Траволта үрөй учурган жана өзүн абдан сүйгөн юристтин ролуна тандалып алынган. Ал эми Кортни Вэнса болсо, теле алып баруучу-укук коргоочунун ролунда, жана укмуштуу Сара Полсон феминизмдин жактоочусу, Стерлинг Браун болсо жактоочулар менен айыптоочулардын ортосунда эбин таппаган прокурордун ролун катыра аткарышкан.

Кино — бул театр, а театр — бул жашоо эмес. Албетте, каармандардан дайыма эле түз логиканы жана кезектешүүнү күтүүгө болбойт, бирок мындай актёр-актрисаларды тандап алуу менен «Америка кылмыштарынын окуясы» чындыкка коошпогон каармандарды тартканы көрүнүп турат — бирок бул сериал үчүн абдан керектей. «Эл О. Жей Симпсонго каршы» соттук триллерден айтып бүткүс атышууларга айланат.    

Бул ой жүгүртүүлөр, негизги суроого жооп бербейт — «Америка кылмыштарынын окуясы» эмнеси менен айырмаланат? Медиада эмне үчүн мындай ызы-чуу көтөрүлүп жатат? «Эмми» статуэткасын эмне үчүн алды эле?  

«Эл О. Жей Симпсонго каршы» — бул энтертэйнмент олуттуу нерселерди айткысы келген сейрек мисал. Бул сериал — маркеловдук фильмдер расалык, сексизм жана журналисттердин жоопкерчилиги тууралуу сүйлөп тургандай.

Симпсондун иши журналисттердин кийлигишүүсү менен гана бүтөт. Алар эбегейсиз маалыматтык чөйрөнү жаратышат. Журналисттер жараяндагы ар бир кадамды чагылдыруу менен Симпсондун жактоочуларына көмөк көрсөтүшөт. Сериал журналисттердин жоопкерчилигин шек астына коёт — мында «төртүнчү бийлик» дегенге алып келеби?  

Мисалы, сериалда сексизм жөнүндө эмне айтылат. Бул абдан назик штрихтер болуп — Сара Полсондун эки жолу өзгөрткөн чач жасалгасы 90-жылдарды эле эске салбастан, түзүлгөн кырдаал тууралуу да баяндайт.

Сексизм жана расизм — бул үйдөгү жана полициянын гана басымы эмес. Кодулоо — бул жашоого болгон тоскоолдуктардын канчалык көп экендигин түшүндүрөт. Бирок, биз экөөсүнөн тең арыла алган жокпуз.

«Америка кылмыштарынын окуясы» биринчи сезону идеалдуу схема боюнча иштейт. Ал «кылымдын жараянынын» пайдубалынан башталып, баарына белгилүү болгон факттарды көрсөтөт. Комедиялык каармандардын катышуусунда, жашоонун чыныгы жүзү ачып берилген. Мында, көптөгөн трагедиялар комедия жанрында күлкү менен чагылдырылган.   

«Эл О. Жей Симпсонго каршы» — өз көрүүчүлөрүн таттуу кыялдарга батырган 90-жылдардын сериалы. Анда ушунча убакыт өтсө да, маанилүү өнүгө албаганыбыз жаңырып турат.