Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстандагы интернеттин кымбатташы боюнча иликтөө жүргүзөт

Евразия экономикалык комиссиясынын министри Нурлан Алдабергенов интернет трафиктин кымбатташына байланыштуу иликтөө башталганын билдирди.

24.kg агенттиги жазып чыккандай, Алдабергенов интернет-трафиктин кымбатташы боюнча анын мекемеси менен биргеликте Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын да монополияга каршы органдары иш алып барып жатканын айткан.

«Кымбаттатууну мыйзамсыз деп айтууга эрте, иликтөө жүрүп жатат. […] Айрым операторлор бааны көтөрүп жибериши мүмкүн, а мүмкүн бул бир нече компаниялардын өз ара келишиминин негизинде болгондур. Эгер картелдик сүйлөшүү болгон болсо, анда катуу чаралар колдонулат», — деди ал.  

Мындан сырткары Алдабергенов, операторлор бирдей атаандаштык эрежелери жөнүндө жана аны бузган учурда кандай жазалар колдонулаарын да билишет деп айтты.

«Көйгөйдү чечүүгө төрт орган киришти. Түзүлгөн кырдаалга карата айып пул да түрдүү суммада салынат. Эгер компаниялар ортосунда сөз байлашуу болгон болсо, аларга карата кылмыш иши козголот», — деди ал.

Тема боюнча: Антимонополия агенттиги: Казакстан интернет-трафик үчүн бааны көтөргөн эмес

Кыргызстандын монополияны жөнгө салуу агенттигинин башчысы Болсунбек Казаков болсо, көйгөйдү чечүүдө үч мамлекеттин тиешелүү органдары бир чечимге келиши маанилүү дейт.

«Интернеттин кымбатташына байланыштуу маселени кароо үчүн 5-октябрь күнү Алматада Кыргызстан менен Казакстандын монополияга каршы мекемелеринин катышуусу менен сүйлөшүү болот. 28-сентябрь күнү Москвада үч тараптуу жолугушуу болуп, анда да ушул маселе каралган. Орусия кандай баскыч болсо да, макулдугун билдирээрин айтты», — деди Казаков.  

Байланыш операторлор ассоциациясы (БОА) 28-сентябрь күнү Орусиянын Федералдык монополияга каршы кызматына кайрылаарын айткан эле. Казакстандык провайдерлер Орусия тараптан баалар көтөрүлгөнү үчүн транзиттин баасы жогорулады деп айткан.

Бирок, Орусиянын монополияны жөнгө салуу мекемесинин башчысы Игорь Артемьев орус компаниялары интернетти мурдагы баада эле сатып жатканын билдирген — орточо мбит/с үчүн $1.

«Трафиктин баалары төмөндөшү гана мүмкүн, кымбаттатууга негиз жок. Тескерисинче, дүйнөлүк практика байланыштын сапатын жакшыртууга аракеттенип жатат, эгер кимдир бирөө бааны жогорулатам деген болсо, пайда табуусуна кепилдик жок», — деген Орусия Монополияга каршы Федеративдик агенттигинин башчысынын орун басары Анатолий Голомолзин.  

БОАнын аткаруучу директору Нурбек Абасканов Kloop.kgге берген интервьюсунда, интернет-провайдерлер бул маселени чечүүдө Евразиялык комиссияга кайрылаарын айткан.

«Биз бул материалдарды Орусиянын монополияга каршы агенттигине жөнөтүүбүз зарыл, терең иликтөө жүргүзүү керек. Андан сырткары, Евразиялык комиссияга да жиберебиз. Транспорт маселелери чечилиши кажет», — деди ал.  

Абаскановдун айтуусунда, 21-сентябрда казак провайдерлери менен жолугушуу болгон. Жолугушууда 10 күндүн ичинде казак провайдерлери Кыргызстандагы интернет-трафиктин баалары тууралуу маселени бир жактуу чечип берүүлөрү боюнча бүтүмгө келишкен.  

«Бирок, казак провайдерлери эч кандай аракеттерди көргөн эмес», — деди ал.  

Казакстан Кыргызстанга 2016-жылдын август айына чейин мбит/с $12-15 баада сатып турушкан. Азыр болсо, казак провайдерлери бул бааны мбит/с баасын $25-30га чейин көтөрүүнү пландап жатышат. Бул Кыргызстандын интернетине таасирин тийгизип, айрым операторлор ылдамдыкты түшүрүп, баалардын жогорулашы боюнча маалымат бере баштаган.

Тема боюнча: Q&A: Эмне үчүн Кыргызстанда интернеттин ылдамдыгы басаңдады?

Сүрөт: pcadvisor