Кыргызстан, АКШ жана Улуу Британия терроризм менен күрөшүүдө маалыматтарды алмашып турушмакчы

Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев дипломаттар ыктымал теракттар тууралуу кабарлагандан кийин АКШ менен Улуу Британиянын элчилери менен жолугушкан. Тараптар ыктымал коркунучтар туурасында маалыматтар менен алмашып туруу боюнча макулдашышкан.

Кайкиев АКШнын элчиси Шейла Гуолтни жана Улуу Британиянын элчиси Робин Орд-Смит менен жолугушту. Алар үчөө терроризм менен күрөшүү жана эскертип туруу боюнча маалымат алмашып туруу боюнча келишишти.

Жолугушуу элчиликтер Кыргызстанда ыктымал теракттар болоору тууралуу кабарлагандан кийин өттү. Дипломаттардын маалыматы боюнча, теракттар октябрда болушу мүмкүн.

Кыргыз ТИМинин эки сүйлөмдөн турган билдирүүсүндө ыктымал теракттардын маалымат булактары туурасында жана сүйлөшүүлөр боюнча кенен эч кандай маалымат берилген эмес.

Президенттин аппаратынын башчысынын орун басары Сапар Исаков «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде билдиргендей, даярдалып жаткан теракттар тууралуу кабарга «өтө таң калган».

Айтымында, ал билдирүүлөр ТИМ менен эч кандай кеңешпей туруп жарыяланып калган.

АКШ менен Улуу Британиянын элчиликтери Kloop.kgге комментарий берүүдөн баш тартышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекететтик комитети 9-октябрда кабарлагандай, мекеме ыктымал болгон террористтик коркунучтар тууралуу маалыматка ээ эмес, бирок элчилик тарабынан кандайдыр бир маалымат болсо, ыраазы болоорун кошумчалашкан.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөр 8-октябрда Кыргызстандагы өз жарандарын ыктымал теракттар боюнча маалыматтардан улам этият болууга чакырган. Теракттарга адам уурдоо же туткунга алуулар кириши мүмкүн делген.

Британ элчилиги өз билдирмесинде 30-августта кытай элчилигинде болгон терактка жана 4-августтагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышууга көңүл бурган.

Америка элчилиги өз жарандарына адамдар көп чогулчу жерлерде жүрбөөсүн сунуштаган.

«Элчилик саякатчыларга эл массалык чогулган жерлерге барбоого үндөдү. Ар дайым жергиликтүү бийликтин инструкциясын сактагыла, өзгөчө кырдаал учурунда дагы. Жергиликтүү ЖМКлардын иш чаралар жана окуялар тууралуу билдирмелерине көз салып тургула», — деп эскерткен элчилик.

Мындан мурун, 20-сентябрда УКМКнын сапёрлору, Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы Ганди жана Биринчи май көчөлөрүнүн кесилишинде катылган жасалма жардыруучу каражаттарды таап зыянсыздандырган. Ичинде жардыруучу каражаттары бар шектүү кара баштыктар тууралуу УКМКга жергиликтүү тургундар маалымдашкан. Атайын кызматтын ыкчам чара көргөндүгүнөн улам курмандыктар болгон эмес.

Андан үч жума мурун, 30-августта кытай элчилигинин алдынан орун алган жардыруудан үч адам жабыркаган. Автоунааны айдаган белгисиз адам, Кытай элчилигинин дарбазасын сүзүп өтүп өзүн жардырган. Жардыруу учурунда жанкечти каза тапкан. Кыргызстандын атайын кызматкерлери бул окуяны теракт деп аташкан — өлкөдө алгачкы жолу чабуулду жанкечти ишке ашырган.

Коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, жардыруунун буйуртмачылары — уйгур сепратисттери, «Жабхат ан Нусра» террористик уюмунун мүчөлөрү. Теракты уюштурган деп шектелген беш адам УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.

Тема боюнча: Кыргызстандагы АКШ элчилиги октябрь айындагы ыктымал терактылар тууралуу алдын ала эскертти

Сүрөт: АКИпресс — Кыргызстандагы кытай элчилигиндеги теракт