Казак провайдери «Акнеттин» абоненттерин тышкы трафиктен ажыратты

«Акнет» интернет-провайдери анын тышкы интернет каналын казак оператору өчүргөнүн өз абоненттерине эскертти. Бул болсо колдонуучуларда интернеттин ылдамдыгы «кыйла» азайганын билдирет.

Казак провайдери Кыргызстандын «Акнет» интернет-провайдерине «тышкы интернет канал өчүрүлгөнү» тууралуу маалымдама жөнөттү. Компания өз абоненттерин кечке маал ылдамдык кыйла азая тургандыгын эскертти.

«Бизде азыр ылдамдык азайды, анткени биз тарифтерди көтөргөн эмеспиз. Бул маселе азыр чечилип жатат», — дешти компаниянын өкүлдөрү.

Провайдер бул өчүрүүгө казак операторунун жайкыга салыштырмалуу «үч эсе кымбат» жаңы бааларынан «Акнеттин» баш тартышы себеп болгонун кабарлады. Казак операторунун өзү каналдын өчүрүлүшүн «эски баада зарыл тилкенин жоктугу» менен түшүндүрүүдө.

«Акнеттегилер» бул маселе тез арада чечилиш мүмкүн эмес, андыктан Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кийлигишүүсү зарыл деп эсептешет.

Кыргызстандын Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Нурбек Абасканов Kloop.kgге «Акнет» болжол менен байланыш базарынын 30 пайызын ээлей турганын айтты.

Кыргызстандын Монополияга каршы мамлекеттик комитетинин башчысы Болсунбек Казаков казак операторлору Астанадагы сүйлөшүүдөн кийин кыргыз провайдерлери үчүн бааны көтөрүүдөн баш тартышканын 6-октябрда билдирген. «Акнет» казак камсыздоочулары тарабынан тышкы каналдын өчүрүлүшү «Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишеничке шек келтирет» деп эсептейт.

Бирок казак жана кыргыз провайдерлеринин ортосундагы макулдашуусу тууралуу Казаковдун билдирүүсүн кийинки күнү эле эки тарап тең төгүнгө чыгышкан.

Казакстандын интернет ассоциациясынын президенти Шавкат Сабиров Kloop.kgге казак провайдерлери октябрдын аягына чейин гана интернеттин тарифтерин көтөрбөй турушаарын айткан.

Кыргызстанга интернет-трафиктин 90 пайызы Орусиядан Казакстан аркылуу келет. Орус-казак чек арасында сек/1 мбит трафик бир долларга сатылат.

Августта казак интернет-провайдерлери кыргыз компанияларын интернеттин баасы сек/1 мбит үчүн 10-15 доллардан 30-50 долларга чейин кымбаттай турганын кабарлашкан. Бул Кыргызстанда интернеттин наркы кымбатташына жана ылдамдыгы азайышына алып келген.

Соавтор: Сезим Каныбекова