Казак провайдерлери: Интернеттин баасы бир айдан кийин кымбаттайт

Кыргыз жана казак провайдерлери интернеттин баасын бир айга гана төмөндөтүү тууралуу келишишкен. Андан кийин интернеттин баасы көтөрүлөт.

Казакстандын Интернет ассоциациясынын президенти Шавкат Сабиров Kloop.kgге курган маегинде билдиргендей, кыргыз жана казак провайдерлери 5-октябрда Астанада өткөн жолугушууда интернеттин баасын бир айга гана төмөндөтүү жөнүндө сүйлөшүшкөн. Мамлекеттик монополияга каршы агенттик 6-октябрь күнү интернеттин баасы көтөрүлбөйт деп айткан эле.

«Мындан ары кризиске байланыштуу баалар көтөрүлө баштайт. Бул кыргыз элине болгон урматыбызга эч кандай тиешеси жок. Баалар өсө баштайт, биз оптималдуу вариант табууга аракет кылабыз, бирок кризистик шартта жакшы жаңылык айтуу оорураак», — деди ал.  

Kloop.kgге курган маегинде, Байланыш операторлорунун ассоциациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурбек Абасканов бул маалыматты тастыктады.

«Интернеттин бааларын бир айга гана төмөндөтүү боюнча сүйлөшүү болгон. Беш күндүн ичинде казак провайдерлери муну ырасташы керек. Бирок, биз бааларды өстүрбөөнүн үстүнөн иштей беребиз», — деди ал.  

Абасканов кошумчалагандай, казак провайдерлерине ишенүү татаал, 21-сентябрдагыдай убадаларын аткарышпай коюшат деген күмөнүн айтты.

Ал Байланыш операторлорунун ассоциациясы бардык материалдарды Евразиялык экономикалы комиссияга жөнөтөөрүн айтты, «баалар интеграциялык жараяндардын негизинде көзөмөлдөнүшү керек» деди ал.

Тема боюнча: Q&A: Кыргызстанда интернеттин ылдамдыгы эмнеге азайып кетти?

Абасканов учурда интернетке болгон баалар ар түрдүү, себеби айрым компаниялар үч эсеге кымбат баада келишим түзүп алышканын билдирди.

«Биз казак операторлору менен келишим түзө элек компанияларга бааны көтөрбөө жана келишим түзүлүп калган компаниялардын интернет бааларын үч же беш күндүн ичинде төмөндөтүү графигин берүү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнбүз», — деди ал.

Мамлекеттик монополияга каршы агенттиги Болсунбек Казаков 6-октябрь күнү сөз жыйынында кыргызстандык компаниялар интернет-трафик үчүн бааны кымбаттатпайт деп айткан эле.

«Баалар мурдагыдай калды. Интернеттин баасы келишимде көрсөтүлгөн баалар боюнча иштейт. […] Андан сырткары, ылдамдыкты азайткан ата мекендик провайдерлер болсо, мурдагы ылдамдыкты жана бааны кайтарып бериши керек», — деген Казаков.  

Кыргызстанга интернеттин 90 пайызы Орусиядан Казакстан аркылуу жеткирилет. Орус-казак чек арасында трафик мбит/сек үчүн $1дан сатылат.

Август айында казак интернет-провайдерлери кыргыз компанияларына интернет үчүн баалар кымбатташын айтып эскертүү берген. Анда, мбит/сек үчүн $10-15дан $30-50га чейинки баалар көрсөтүлгөн. Бул Кыргызстанда интернеттин баасынын кымбатташы жана ылдамдыктын азайышына алып келген.  

Тема боюнча: Евразия экономикалык комиссия Кыргызстандагы интернеттин кымбатташын карайт