Пианист Азамат Сыдыков АКШдагы концертин Кыргызстандагы кайра көмүлгөн баптист аялга арнайт

Кыргыз пианисти Азамат Сыдыков өзүнүн АКШдагы соло концертин Жалал-Абад облусунда дининин айынан көмдүрбөй коюшкан Каныгүл Сатыбалдиевага арнайт.

«Фэйсбуктагы» өз барагында Сыдыков Сатыбалдиеванын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, Кыргызстан Конституция талап кылгандай өз жарандарынын дин эркиндигин коргобой жатканына ачуусу келген.

Пианист каза тапкан бул аялдын элесине өзүнүн Түндүк Каролинадагы Клейтон фортепиано фестивалында 22-октябрда өтө турган соло концертин арнайт.

Азамат Сыдыков — АКШда жашаган кыргызстандык пианист. Ал көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси жана классикалык музыканын аткаруучулары үчүн эң абройлуу аянтчалардын бири болгон Карнеги-Холлдо сахнага чыккан биринчи кыргызстандык.

Сатыбалдиева баптист болгондуктан жергиликтүү тургундар анын сөөгүн мүрзөгө койдурбай коюшкан Ала-Букадагы жанжал пианисттин жанын ачыткан. Сары-Талаа айылынын имамы маркумдун кызын динин алмаштырууга мажбурлап, бирок энесин көмдүрбөй койгон.

Сатыбалдиеванын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын жергиликтүү бийликтегилер да коргошкон эмес.

Аял аны кайра көмүш керек деп талап кылган айылга коңшулаш кыштакта жерге берилген. Ал жергиликтүү христиан көрүстөнүнө коюлган соң, жергиликтүү христиандар анын сөөгүн казып чыгууну талап кылышкан.

Натыйжада аял үчүнчү жолу жерге берилип, кайсы жерге көмүлгөнү айтылган эмес.


Тема боюнча: Видео: Пианист Азамат Сыдыков мекенин сагынган кыргызстандык жөнүндө клип тартты