Музыкант Азамат Сыдыков Атай Огонбаевдин «Маш Ботой» күүсүн пианинодо аткарып, ага клип тартты. Анда мекенин сагынып, чет өлкөдө куса болуп жашап жүргөн кыргызстандык көрсөтүлгөн.

Сыдыков Атай Огонбаевдин «Маш ботой» күүсүн пианинодо аткарып, ага клип тартты. Анда кыргыз күүсү Кыргызстанды эске салып, клиптин аракети Сыдыковдун мекенине өтөт.

Салыштыруу үчүн «Маш ботойдун» комуз менен аткарылган түп нуска версиясын уксаңыздар болот:

Азамат Сыдыков — кыргызстандык пианист. 2011-жылдан бери АКШда окуп, жашайт. Ал өзүнүн музыкалык карьерасында түрдүү профессионалдык сыйлыктарды, алардын ичинде пианисттердин Италиядагы Эл аралык сынагында «Жеке аткаруу» номинациясында Биринчи сыйлыкты жана «камералык музыка» номинациясында Гран-прини утуп алган.

Атай Огонбаев кыргыз жана советтик композитор, комузчу, Токтогул Сатылгановдун шакирти болгон. Кыргыз ССРинин Комузчулар ансамблин негиздеген.