Аскаровдун кошуналары милиционердин өлүмү учурунда «укук коргоочуну үйүнүн жанынан көргөн»

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча бешинчи отурумда анын кошуналары көпүрөдө кагылыш болуп, милиция кызматкери өлтүрүлүп жаткан учурда аны «үйүнүн жанында көрүшкөнүн» айтышты. Алар 2010-жылы көрсөтмө бергиси келишкен эмес, анткени аларга «кысым көрсөтүлгөн».

Сот жыйынында коргоочу тараптын бардык күбөлөрү — Аскаровдун кошуналары жана туугандыгы бар аял — 2010-жылдын 13-июнунда аны үйүнүн жанынан көрүшкөнүн айтышты.

Айыптоочу тарап ал ошол учурда жергиликтүү тургундар кагылышкан жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулайманов өлтүрүлгөн Кара-Үңкүр суусунун үстүндөгү көпүрөдө болгон деп ишендиргенге аракет кылууда.

Аскаровдун кошунасы Шамрат Акбаров укук коргоочуну 13үндө эртең менен көргөнүн айтты.

«Мен үйгө ата-энемдикине келгем. 13үндө эртең менен саат 9дарда көчөгө чыгып, Аскаровду көрдүм. […] Мен аны менен сүйлөшкөн жокмун. Алыстан көрдүм. Мен үйдөн чыккам, Аскаров да үйдөн чыгып баратыптыр», — деди ал.

2010-жылы Аскаровдун кошуналары жана туугандары соттун жүрүшүндө суракка алынган эмес. Эмне үчүн алар мурда көрсөтмө бербегени тууралуу прокурордун суроосуна айрымдары «кысым көрсөтүлгөн» деп жооп беришти.

Укук коргоочунун бир тууганынын аялы Турдихон Аскарованын айтымында, ал алты жыл бою көрсөтмө берген эмес, анткени аны коркутуп, күч көрсөтүшкөн.

Анын айтымында, Аскаров кармалгандан кийин анын үйүнө «беткап кийген жети-сегиз милиция кызматкери» кирип барып, тамак-ашын да калтырбай үйдү тоноп кетишкен. Ал күйөөсү Хакимжанды милиция кызматкерлери алып кетип, куткарыш үчүн андан 50 миң сом талап кылышканын айтты.

Күбөлөрдүн пикиринде Аскаров бийликти басып алууга жана зомбулук аракеттерине үндөшү мүмкүн эмес болчу.

Аскаровдун кошунасы Одинахон Осмонованын айтымында, укук коргоочу каршылыкка үндөгөн эмес, анткени ал «андай жаманчылыкка жөндөмдүү эмес».

Бардык күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн кийин укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Азимжан Аскаров менен кошо соттолгондорго карата кыйноо колдонулганы тууралуу ИИМге аныктама чыгаруу жөнүндө өтүнүч кат берди.

Эгерде сот андай аныктама берсе, ИИМ ал фактыларды иликтеши керек болот. Сот бул маселени ачык калтырды.

Кийинки сот жыйынында эки сот-медицина экспертин, төрт укук коргоочуну жана 2010-жылы вице-премьер-министрдин кызматында турган Азимбек Бекназаровду сурамжылоо пландаштырылууда.

Мурдагы отурумдар

Сот буга чейин Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо боюнча төрт отурум өткөргөн.

Биринчи отурумда сот киши колдуу болгон Сулаймановдун жесиринин жана күбө болгон милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн укту. Алты күбөнүн үчөө Сулайманов курман болгондо Аскаров көпүрөдө болгон-болбогонун эстей албаганын айтышты.

Калган үч милиция кызматкери Аскаровду нааразылык акциясынын арасында көрүшкөнүн айтышты, бирок анын кебетеси кандай болгонун жана ал күнү эмне кылганын сүрөттөп бере алышкан жок. Алар анын «кыргыздарды өлтүрүүгө» үндөп жүргөнүн айтышты, бирок окуя кандай болгонун так айта алышкан жок, анткени 30 метрден 150 метрге чейинки аралыкта турушкан.

Аскаров милиция кызматкерлеринин көрсөтмөсүн калп деп билдирди. Анын айтымында, ал укук коргоочу болуп иштеп жүргөндө алардын мыйзам бузган иштерин иликтеген жана күбө катары өтүп жаткан милиция кызматкерлеринин бирөөнө каршы кылмыш иши козголгон.

Сот экинчи отурумда алты күбөнүн — Базар-Коргондун акиминин, Базар-Коргондун прокурорунун, Улуттук коопсуздук кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысынын жана УКМКнын эки кызматкеринин — көрсөтмөлөрүн укту. Ошондой эле Аскаров кармалгандан кийин аны менен кошо УКИде кошо отурган камералашы да көрсөтмө берди.

Прокурор көпүрөдө болбогонун жана Аскаровду көрбөгөнүн айтты. Өз көрсөтмөлөрүндө ал укук коргоочуну кимдир-бирөөлөр кыйнаганы тууралуу маалыматты четке какты.

Аким жана УКМК өкүлдөрү Аскаровду көргөнүн айтышты, бирок ал ошол жакта эмне кылып жүргөнүн сүрөттөп бере алышкан жок. Аскаровдун камералашы камерада Аскаровду сабап салганын айтты.

Аскаров болсо анын көпүрөдө болгону тууралуу көрсөтмөлөр калп экенин айтты.

Үчүнчү отурумда сот айыптоочу тараптын эки күбөсү — 2010-жылы Базар-Коргон районунун прокурорунун орун басары болуп турган Жамиля Туражанованын жана Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болуп турган Орозбек Бердибаевдин — көрсөтмөлөрүн укту.

Туражанова Мыктыбек Сулаймановдун денеси кантип табылганын жана Азимжан Аскаровдун кармалышы менен сурагы кандай өткөнүн айтып берди.

Коргоочу тарап Аскаровдун укуктары бузулганын, ага адвокат өз убагында берилбегенин далилдеш үчүн анын качан камакка алынганын билгенге аракет кылды.

Аскаров ошондой эле аны кыйноого алышканы тууралуу көрсөтмө берди, бирок коргоочу тараптын күбөлөрү анын айтканын четке кагышты.

Төртүнчү отурумда Аскаров менен кошо соттолгон камактагылар суракка алынып, өмүрүнө коркунуч келип жаткандыктан «көрсөтмө берүүдөн коркуп жатышканын» сотко айтышты. Алар ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан кыйноо болгонун айтып арызданышты.

Күбөлөрдүн баары башаламандык болгон күнү көпүрөдө болушпаганын жана ал жактан Аскаровду көрүшпөгөнүн айтышты.

Соттук отурумдан тексттик трансляция:

Аскаров өзү ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндө жашаган этникалык өзбек жана укук коргоочу. Ал милициянын кыйноолору тууралуу маалымат бергени менен белгилүү болгон. 15 жыл аралыгында «Аба» укук коргоочу уюмун жетектеген.

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык чыр-чатакта кармалган. Укук коргоо органдары билдиргендей, Аскаров Бишкек-Ош жолун тосууну уюштуруп, милиция кызматкерлерин сабап, бир кызматкерди өрттөп жиберген.

Базар-Коргон соту Аскаровду «баш аламандык уюштургандыкка», «улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткандыкка» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. 2010-жылдын аягында, сот Аскаровду өмүр бою тор артына камаган, бирок Аскаров күнөөсүн мойнуна албай келген. Аны менен кошо дагы сегиз адам абакка киргизилген.

Аскаровдун жактоочулары бул айыптоолор «негизсиз» деп айтып келишет. Күбөлөр болсо, Аскаров окуя болгон жерде жок болгондугун тастыкташкан.

Соттун чечиминен кийин, укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов бардык жараяндар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыккан. Анын айтуусунда, укук коргоочунун үйүндө үй ээлери жокто тинтүү болгон жана далилдер «жетишсиз».

Көз карандысыз эксперттер, укук коргоочу кыйноолорго кабылганын жана Кыргызстандын бийлиги анын даттанууларына көңүл бурбагандыкка айыпталганын билдиришкен. Андан тышкары, иликтөө жараянында процессуалдык нормалар бузулганын жана Аскаровдун коргонуусуна мүмкүнчүлүк берилбегенин да кошумчалашкан.