Кыргызстандын жаңы өкмөтүндө кайсы министрлер алмашат?

Азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жаңы курамын алып чыкты. Анда бир нече министр алмашкан. Жаңы министрлер кимдер?

8-ноябрда конституциялык мыйзамдуулук боюнча парламент комитетинин жыйынында Жээнбеков министрлер кабинетинин жаңы курамын тааныштырды. Парламент жаңы өкмөттү 9-ноябрда бекитти.

Өкмөттүн курамы жана түзүмү эми мындай болот (кара шрифт менен жаңы министрлер бөлүп көрсөтүлгөн):

Премьер-министр — Сооронбай Жээнбеков;
Биринчи вице-премьер министр — Мухаммедкалый Абулгазиев;
Экономика маселелери боюнча вице-премьер-министр — Олег Панкратов;
Чек ара маселелери боюнча вице-премьер министр — Жеңиш Раззаков;
Социалдык маселелер боюнча вице-премьер министр — Чолпон Султанбекова;
Өкмөт аппаратынын жетекчиси — Акылбек Осмоналиев;
Экономика министрлиги — Арзыбек Кожошев;
Каржы министрлиги — Адылбек Касымалиев;
Айыл чарба министрлиги — Нурбек Мурашев;
Транспорт министрлиги — Жамшидбек Калилов;
Юстиция министрлиги — Уран Ахмедов;
Тышкы иштер министрлиги — Эрлан Абдылдаев;
Ички иштер министрлиги — Улан Исраилов;
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги — Кубатбек Боронов;
Саламаттык сактоо министрлиги — Талантбек Батыралиев;
Билим берүү министрлиги — Гүлмира Кудайбердиева;
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги — Таалайгүл Исакунова;
Маданият министрлиги — Түгөлбай Казаков;
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет — Абдил Сегизбаев;
Өнөр жайы, энергетика жана кен казуу боюнча мамлекеттик комитет — Дүйшөнбек Зилалиев;
Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет — Бакыт Шаршембиев;
Коргоо боюнча комитет — талапкер президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көрсөтүлөт.

Чолпон Султанбекова, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр:

«Кыргызстан» фракциясынан шайланып келген парламенттин VI чакырылышынын депутаты. Мурдагы чакырылышта да «Республика» фракциясынан парламент депутаты болгон. 2013-жылы парламент спикеринин орун басары болгон.

Ал 2010-жылга чейин Алыш күрөшүнүн эл аралык федерациясын жетектеп, «Палван» корпорациясынын президенти да болгон.

«Агым» гезитинин версиясы боюнча 2009-жылдан бери Кыргызстандын эң бай аялдарынын тизмесине кирет.

Нурбек Мурашев, айыл чарба министри:

«Бир Бол» фракциясынан шайланып келген VI чакырылыштагы парламенттин депутаты, V чакырылыштагы парламентте да депутат болуп, «Республика» фракциясынын башчысынын орун басарынын кызматын ээлеген.

2000-жылы «Лиматекс пахта корпорациясы» ЖАКында чийкизат бөлүмүнүн башчысы болгон.

2010-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысынын кызматында турган.

2014-жылдын февралында депутат болуп турган кезинде № 3-Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы, дарыгер Жамал Тургунбаевди сабады деп айыпталган.

Мурашев дарыгер менен кызыл чеке болуп кеткенин моюнга алган. Мурашевдин айтымында, мушташ анын реанимацияга түшкөн жана кома абалында жаткан тууганын «туура эмес дарылоонун» айынан чыккан.

Ал окуя учурунда мас абалында болгонун танган, анткени «динге ишенем жана спирт ичимдиктерин ичпейм» деген жана бейтап аял өлүп калса дарыгердин түбүнө жетээрин айтып коркутканын да моюнга алган эмес.

2015-жылы Мурашев саясий атаандашын, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан чыккан депутат Кабылжан Кимсанбаевди Жалал-Абад облусундагы Сакалды айылында партиянын штабында сабаган деп айыпталган.

Бирок Ноокен РИИБи Мурашевдин аракеттеринде кылмыш курамы жок деп жыйынтык чыгарып, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Жамшитбек Калилов, транспорт министри:

2008-жылдын июнь айынан тартып 2016-жылга чейин Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-иликтөө институтунун директорунун кызматын ээлеген. Ага чейин 2005-жылдан 2008-жылга дейре Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясынын башкы директору болуп иштеген.

2001-жылдан тартып 2005-жылга чейин биргелешкен кыргыз-түрк «Суусамыр-Интер» ишканасынын башкы директорунун орун басарынын кызматында болгон.

2005-жылы июндан октябрга чейин «Аэродромстрой» АКнын башкармалыгынын төрагасы болуп турган.

Ал ошондой эле Эл аралык транспорт академиясынын жигердүү мүчөсү, Орусиянын коопсуздук, коргонуу жана укук тартиби академиясынын академиги.

Уран Ахмедов, юстиция министри:

Ахмедов Юстиция министрлигинин эң жаш жетекчиси болот — азыр ал 36 жашта. Азыр ал Жапониянын Токио шаарындагы Саясий изилдөөлөрдүн улуттук институтунда докторлук диссертациясын жактоонун үстүндө иштеп жатат. 2012-жылдын февралынан тартып 2016-жылга чейин президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти болгон.

2011-жылдан 2012-жылга чейин ал өкмөттүк аппараттын укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн сот органдары менен өз ара аракеттенүү секторунун башчысы болуп иштеген.

Эмгек жолун 2001-жылы Дене тарбияны, спортту жана олимпиадалык кыймылды колдоо боюнча коомдук фонддун директору болуп баштаган.

Ахмедовдун талапкерлиги көрсөтүлгөндө парламент депутаттары, «Республика — Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү Алтынай Өмүрбекова жана «Бир Бол» фракциясынын мүчөсү Чолпон Жакупова нааразылыгын айтып чыгышкан.

Алардын пикиринде, учурунда иштеп жаткан министр Жылдыз Мамбеталиева өз милдетин аткарып келген. Алар министрлик кызматка министрдин орун басары да боло элек жөнөкөй эксперт дайындалып жатканына ачуусу келишкен.

Улан Исраилов, ички иштер министри:

Исраилов мамлекеттик күзөт кызматында иштеген жана президент Алмазбек Атамбаевдин жеке жан сакчысы болгону менен белгилүү.

2013-жылы ал Свердлов районунун ички иштер бөлүмүн башкарган. Кийин ИИМдин жашыруун башкармалыгынын башчысынын кызматына которулган.

2016-жылдын мартында Улан Исраилов Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупциягы каршы кызматынын директору болуп, УКМКнын төрагасынын биринчи орун басарынын даражасында дайындалган.

Гүлмира Кудайбердиева, билим берүү министри:

2015-жылдын 5-ноябрынан тартып социалдык маселелр боюнча вице-премьер-министр болуп иштеген.

Ага чейин, 2012-жылдын 2-апрелинен тартып Кыргызстандын президентинин аппаратында социалдык саясат бөлүмүн жетектеген.

2012-жылдын 12-мартынан 4-апрелине чейин Кыргызстандын президентинин алдындагы Билим берүү, илим жана маданият иштери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болгон.

2010-жылдан 2012-жылга чейин президенттик аппараттын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти болуп иштеген.

1994-жылдан 2000-жылга чейин билим берүү тармагында эмгектенип, андан кийин парламенттин аппаратында беш жыл иштеген.

Таалайгүл Исакунова, эмгек жана социалдык өнүгүү министри:

«Кыргызстан» фракциясынан шайланып келген Кыргыз Республикасынын VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты. Парламентке депутат болуп шайланып келгенге чейин 2014-жылдын 19-ноябрынан тартып 2015-жылдын 4-октябрына чейин КРнын Сот тандоо кеңешинин мүчөсү болгон. Ошондой эле «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» коомдук фондунун директору болуп келген.

Исакунованын кесиптик жолу 2002-жылдын мартынан тартып 2005-жылдын ноябрына чейин президенттин администрациясында иштеген тажрыйбасын камтыйт.

Ар кайсы жылдары бир катар өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын долбоорлорунда эксперт жана жетекчи болуп, андан тышкары жогорку билим берүү системасында окутуучулук ишти аркалап, мектепке чейинки билим берүү тармагына жаңычылдык киргизүү менен алектенген.

Кадрлардын алмашуусу жетекчилерин президент дайындай турган мекемелерге да таасир этти.

Кыргызстандын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети

Өкмөт кызматтан кеткенге чейин мекемени жетектеп келген Марат Кенжисариев Кыргызстандын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду. Аны кызматтан бошотуу жөнүндө жарлыкка президент 8-ноябрда кол койду, Кенжисариевдин ордуна эч ким дайындала элек.

Кенжисариев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын кызматына 2015-жылдын 5-ноябрында дайындалган.

Анын алдында 2014-жылдын апрелинен тартып Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Ага чейин коргоо министринин орун басары болгон.

Кенжисариевдин аты Чек ара кызматынын складдарындагы курал сатылган окуяга байланыштуу айтылып жүргөн. «Заноза» басылмасынын маалыматы боюнча, Кенжисариевдин айдоочусу 2016-жылдын октябрынын башында курал-жаракты мыйзамсыз сактаганы үчүн кармалган.

Курал сатканы үчүн Кенжисариевдин өз айдоочусу кармалганы тууралуу маалыматты Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын полковниги Майрамбек Мусиев четке какты. Анын айтымында, кармалган киши Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын аскердик бөлүгүнүн айдоочусу болгон.

Мамлекеттик чек ара кызматы

Абдикарим Алимбаев Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагалыгынан бошотулду. Анын ордуна мурда Улуттук гвардияны жетектеп келген Мирбек Касымкулов дайындалды.

Чек ара кызматынын төрагасы болуп 2016-жылы майда дайындалган. Ага чейин 2014-жылдан 2016-жылга чейин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары катары кызмат өтөп келген.

Курал сатылган окуяда Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Абдыкерим Алимбаевдин да аты аталган. Октябрда Чек ара кызматынын прапорщиги Чек ара кызматынын аскердик бөлүгүндөгү складдан Калашников автоматтарын уурдады деген шектенүү менен кармалган.

«Заноза» маалымат агенттиги Мамлекеттик чек ара кызматынын складдарынан курал уурдалганы үчүн 26 офицер жана прапорщик иштен алынганын күч түзүмдөрүндөгү маалымат булактарына таянуу менен 12-октябрда кабарлаган.

Алимбаев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшенбиевден «кызматына толук туура келбейт» деген кызматтык жаза алган.

Улуттук гвардия

Мирбек Имаев Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын командачысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалып, азыр Чек ара кызматынын башчысы болуп калган Мирбек Касымкуловдун ордун басты.

Имаев 2014-жылдан бери Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын командачысынын биринчи орун басары, Башкы штабдын башчысы.

2011-жылдын 16-мартынан тартып 2013-жылдын 24-июлуна чейин Имаев Кыргызстандын Коргоо министрлигинин алдындагы Улуттук гвардиянын командачысы болгон.