«Кыргызтелеком» казакстандык интернет-провайдерлер менен көмүскө келишим түзгөн-түзбөгөнүн Башкы прокуратура текшерет

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда Интернеттин кымбатташы «Кыргызтелеком» менен казак провайдерлеринин ортосундагы болжолдуу көмүскө келишимге байланышы бар-жок экенин текшерүүнү Башкы прокуратурага табыштады.

«Кыргызтелеком» компаниясы Интернеттин баасын кымбаттатканын укук коргоо органдары Жээнбековдун тапшырмасына ылайык текшерип чыгышты. Текшерүүнүн документтери 25-ноябрда Башкы прокуратурага юридикалык баа бериш үчүн жөнөтүлдү.

Премьер-министр эгерде компания чет өлкөлүк интернет-провайдерлер менен көмүскө келишим түзгөн факты ырасталса, компаниянын менеджерлери жоопко тартылаарын айтты.

«Интернеттик кызмат көрсөтүү үчүн тарифтер көтөрүлгөнү тууралуу маалымат келип түшкөндөн кийин мен түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча тапшырмаларды бердим. Министрликтер менен мекемелер Интернет өткөрүүчүлөр менен тарифтерди жөнгө салуу жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүшү керек болчу», — деди ал.

«Кыргызтелекомго» карата текшерүүнү парламенттик комиссия да жүргүзгөн — КСДПнын депутаты Анвар Артыков анын ишинин жыйынтыгында кыргыз компаниясынын казакстандык провайдерлер менен көмүскө келишим түзгөн фактысы аныкталганын билдирди.

«Комиссия интернет-трафиктин баасын 1 Мб/с үчүн 13 доллардан 30 долларга чейин көтөрүү маселесин талкуулап, "Кыргызтелеком" ААКтын аракетинде кылмыштуу көмүскө келишим жана коррупциялык схема бар экенин аныктады», — деди ал.

Артыковдун айтымында, казак тараптын бааны көтөрүү талабы «кескин формада айтылган эмес», андыктан «Кыргызтелекомдун» башчысы Эмил Ешеналиев бул маселе боюнча сүйлөшүү жургүзсө болмок, бирок жүргүзгөн эмес.

Артыков Ешеналиевдин эки казакстандык интернет-провайдер менен дароо эле келишим түзүп, 420 миң доллар которуп жибергенин айтты. Депутаттын айтымында, башка интернет-провайдерлерден айырмаланып, «Кыргызтелекомдун» башчысы монополияга каршы органга кайрылган эмес.

Депутаттын сөзүнө караганда, «Кыргызтелеком» Кыргызстандагы Интернеттин жалгыз өткөргүчү болуп калышы үчүн Ешеналиев «Байланыш жөнүндө» мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунуш кылып, 10 күндөн кийин Байланыш боюнча мамлекеттик комитетке кайрылган.

Ешеналиев өзү айтканына караганда, эки казакстандык провайдер менен келишимге кол коюу — айла кеткендеги чечим болгон. Анын айтымында, келишимге кол коюлуп жаткан маалда  1 Мб/с үчүн 30 доллар пайдалуу баа болчу.

«Келишимдин аракети жыл аягында токтотулат. Бирок эки тарап макул болсо ал келишимдерди кайрадан түзүп чыкса болот. Биз 990 миң кыргызстандык абонент Интернеткеге жеткилиги болушу үчүн келишимге кол койгонбуз»,– деди ал.

Кыргызстанга интернет-трафиктин 90 пайызы Орусиядан Казакстан аркылуу келет. Июлда казакстандык провайдерлер кыргыз операторлору үчүн интернет-трафиктин баасын 1 Мб/с үчүн 12-15 доллардан 30-50 долларга чейин көтөрүлөөрүн кабарлашкан соң Кыргызстанда Интернет кымбаттаган.

Алар өз чечимин Интернетти камсыз кылган орусиялык тарап бааны көтөрүп жибергени менен түшүндүрүшкөн.

Өз кезегинде орусиялык тарап Казакстанга Интернет мурдагы эле баа менен, болжол менен 1 мибт/сек. үчүн 1 доллардан эле берилип жатканын билдирген. Андан тышкары, трафиктин өткөрүлүшү үчүн баа төмөндөп гана жүрүп отурушу керек экени белгиленген.

Кыргыз тарап Евразия экономикалык комиссиясына казакстандык провайдерлердин болжолдуу көмүскө келишими боюнча териштирүүнү суранып арыз берген.

Казакстандык жана кыргызстандык провайдерлердин эки айлык сүйлөшүүсүнөн кийин Интернеттин баасы мурдагы калыбына келген.

Сүрөт: Илья Каримжанов