Казак операторлору Кыргызстандын интернет-провайдерлери үчүн мурдагы бааларды калтырышат

Woman searching on Google website using iPad tablet computer

Казак операторлору кыргыз интернет-провайдерлери үчүн жыл аягына чейин мурдагы бааларды калтырууга макул болушту. Бул макулдашуу эки айдан бери келаткан баалардын тегерегиндеги талашка чекит койду.

Байланыш операторлор ассоциациясынын (БОС) аткаруучу директору Нурбек Абасканов Kloop.kgге Москвада 17-18-октябрда өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында казак провайдерлери кепке келип, кыргыз өнөктөштөрү үчүн Интернеттин баасын мурдагы калыбында калтырмак болушканын айтты.

«Азырынча кол коюлган келишимдер жок, эки-үч күндөй күтүп турушка туура келет, андан кийин баа кымбаттабайт деп айта берсек болот. Бирок бүгүн алар [сырткы] каналдарды иштетип, биздин шарттарды аткарышууда», — деди ал.

Абаскановдун айтымында, казак провайдерлери узак убакытка чейин «июлдагы бааларды»  1 сек/мбит үчүн 15 доллар өлчөмүндө кайра калтырууга макул.

«Макулдашуулардын шарттары боюнча, баа туруктуу көтөрүлбөш керек, ал тургай 1-январдан тартып баа түшө баштайт », — деди ал.

Кыргыз жана казак операторлору эки айча Интернеттин баасы тууралуу сүйлөшө албай келишкен. Мында кыргыз мамлекеттик мекемелери интернет арзандай турганын, ал эми казак провайдерлери кымбаттай турганын айтып келишкен.

Кыргыз оператору «Эл Кат» тышкы байланыш каналын өчүргөнүн, анткени компания баасы көтөрүлгөн контрактка кол коюудан баш тартканын «Акнет» интернет-провайдери 20-октябрда кабарлаган. Бул казак провайдерлери бааны «эки-үч эсе» көтөрүп салганына байланыштуу болгон.

Компания өз абоненттерин кечке маал ылдамдык «кыйла» кемий турганы тууралуу эскерткен. Ошондой эле оператор абоненттерди Интернетке туташтырууну токтоткон.

Бирок «магистралдык оператор» менен макулдашуу түзүлгөнүн, Интернеттин ылдамдыгы турукташканын «Акнет» 24-октябрда  кабарлаган. Компания абоненттерди Интернетке туташтырууну кайра баштаган.

Кыргызстанга интернет-трафиктин 90 пайызы Орусиядан Казакстан аркылуу келет. Орус-казак чек арасында трафик 1 сек/мбит үчүн 1 доллардан сатылат.

Казакстан Кыргызстанга трафикти 1 сек/мбит үчүн 12-15 доллардан сатып келген. 2016-жылдын августунан тартып казак интернет-провайдерлери  Интернеттин наркы 1 сек/мбит үчүн 25-30 долларга чейин көтөрүлөөрү тууралуу кыргыз провайдерлерин эскертишкен. Бул Кыргызстанда Интернеттин ылдамдыгын азайтып, баасын кымбаттаткан.

Анда Кыргызстандын БОАнын жана Монополияга каршы мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү ишти Евразия экономикалык комиссиясынын кароосуна жиберишкенин айтышкан.