ӨКМ: Бишкектин түштүгүндөгү чиркөө коопсуздук техникасы сакталбагандыктан күйүп кеткен

29-ноябрда «Түштүк кемеси» чиркөөсүндө чыккан өрттүн айынан коңшулаш жайгашкан менчик мектеп күйүп кетти. ӨКМ чиркөөдөгү өрттүн чыгышына коопсуздук техникасынын сакталбаганы себеп болгонун билдирди. Имараты тез күйө турган алюкобонд менен капталгандыктан, чиркөө тез эле өрттөнүп кеткен.

Аалы Токомбаев көчөсүндөгү эки имаратка зыян тийгизген өрттүн себеби өрткө каршы коопсуздук эрежелерин сактабай коюу болгонун ӨКМдин алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызмат агенттигинин директору Нуржан Осмоналиев айтып берди.

Анын айтымында, өрт «Түштүк кемеси» чиркөөсүндө чыгып, анын кызматкерлери отту өз алдынча өчүрмөк болуп, ошондуктан өрт тууралуу кеч кабар берип калышкан.

ӨКМдин маалыматы боюнча, дубалдар тез күйүүчү курулуш материалы болгон алюкобонд менен капталгандыктан, жалын имаратты бат эле каптап кеткен.

Жабыр тарткан имараттын дубалдары.

Мындан тышкары, чиркөөнүн жертөлөсүндө имаратты жарык кыла турган дизелдик генераторлор болгон. Ошол эле жерде ал генераторлорго куюш үчүн 200 литрден ашык дизелдик отун сакталып турган.

«Имаратта генераторлорду орноштурууга таптакыр тыюу салынат, алардын баары өзүнчө турушу керек. Бул өтө коркунучтуу, анткени ал жерде адамдар көп топтолот», — деди Осмоналиев.

Мамэкотехинспекциянын инспектору Болот Туячиевдин маалыматында, чиркөө өрткө каршы коопсуздук эрежелери боюнча текшерилип жаткан учурда имараттын ичинде дизелдик генератор жок болчу.

«Өрткө каршы коопсуздук эрежелери бузулган учурларды табыш үчүн эскертүүсүз, күтүүсүз текшерүү жүргүзүүгө мезгил жетти. Болбосо мыйзам боюнча биз алдыдагы текшерүү жөнүндө 10 күн мурун эскертишибиз керек. Ал арада ишкер кемчиликтердин баарын жашырып коет»,— деди ал.

От менен өрт өчүрүүчүлөр, ӨКМдин күчтөрү жана суу алгычтар күрөшүүдө.

Чиркөөнүн имаратынан от кошуна имаратка — «Рефал» менчик мектебине өткөн. Өрттөн эч ким жабыр тарткан жок.

Өрт менен өрткө каршы тогуз топ сегиз саат бою күрөштү. Осмоналиев өрт өчүргүчтөр өрт гидранттарынын таптакыр жоктугуна туш келишкенин айтты.

«Өрт өчүрүүчү машиналарга суу куйганга көп убакыт кетип калды», — деди ал.

Өрт өчүрүүчүлөргө жардамга «Тазалык» муниципалдык ишканасынын төрт суу алгычы, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча куткаруучулар бригадасы, кайгуул милициясы, тез жардам бригадасы келди.

Өрт 29-ноябрда эртең мененки 8:40та башталып, ошол эле күнү 17:16да өчүрүлдү.

Бул өрт ушул айдагы биринчи чоң өрт эмес. Түштүк магистралдагы «Ала-Тоо» аквапаркы 18-ноябрда күйүп кетти. Курмандыктар жана жабыр тарткандар болгон жок — ичиндеги адамдар сыртка чыгарылып кеткен.

От чатырдын 800 чарчы метрин каптады. Өрттү беш өрт өчүргүчтөр тобу өчүрүп, дээрлик төрт сааттан кийин жок кылышты.

«Ала-Тоо» аквапаркындагы өрттүн зыяны 50 миллион сомдон ашты.

Дагы бир чоң өрт Сыдыгалиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги күйүүчү-майлоочу материлдар складында 5-ноябрда чыккан. Курмандыктар жана жабыркагандар болгон жок.

Өрт жалпы аянты 2500 чарчы метр жерди каптап, 6-ноябрда эртең менен гана өчүрүлгөн. Отту сегиз өрт өчүргүчтөр тобу жана ӨКМдин күчтөрү 19 саат бою өчүрүшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА МАТЕРИАЛ:


Өрт айлана-чөйрөгө кандай зыян тийгизет?