Бишкектин түштүгүндөгү өрт: Менчик мектеп жана «Түштүк кемеси» чиркөөсү күйүп кетти

Бишкектин түштүгүндө өрт 29-ноябрда эртең мененки саат 8де чыгып, 17:16да өчүрүлдү. Биринчи «Түштүк кемеси» чиркөөсүнүн имаратынан өрт чыгып, андан кийин жанындагы «Рефал» жеке менчик мектебине өткөн. Өрттү тогуз өрт өчүрүүчүлөр тобу өчүрдү. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.

ӨКМдин маалыматы боюнча, «Түштүк кемеси» чиркөөсүнүн чатырынын 1800 чарчы метри күйүп кетти.

«Өрттү өчүрүш үчүн тогуз өрт өчүрүүчүлөр тобу (1 штабдык машина, 2 автотепкич, 6 автоцистерна), "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 4 суу алгычы, Бишкек шаары боюнча ӨКМдин куткаруучулар бригадасы, кайгуул милициясы, тез жардам бригадасы тартылды», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Окуя болгон жерде КР ӨКМинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин директору Нуржан Осмоналиев өрттү өчүрүүнү жетектеп жүрдү. Курмандыктан жана жабыркагандар болгон жок, анткени адамдар өз убагында сыртка чыгарылган.

Анча чоң эмес күйгөн жерлерди өчүрүү калды.

С огнем борются пожарные, силы МЧС и водосборы.

Тилсиз жоо менен өрт өчүргүчтөр, ӨКМдин кызматкерлери жана суу алгычтар күрөшүүдө.

Шаардык өрткө каршы кызмат башкармалыгынын башчысы Зарылбек Алжанов имараттардын тышынан капталган бат күйүүчү материалдардын айынан өрт тез эле күч алып кеткенин билдирди.

«Чиркөө, анын үстүңкү чатыры толук талкаланды. Өзүңөр көрүп турасыңар, курулуш тышынан пенопласт менен капталган. Ал тез күйөт […] Өрттүн себептерин эксперттик лаборатория аныктайт», – деди Алжанов.