Өкмөт жарандары үчүн жөнөкөйлөтүлгөн режим түзүлө турган 90 өлкөнүн тизмесин түздү. Алар келгенден кийин беш күн ичинде катталууга милдеттүү болбойт. Документке кол коюла элек болгондуктан туристтер каттоо жагынан дагы эле кыйынчылыктарга туш келишүүдө.
Алардын арасында Германиядан келген саякатчы Христоф Шелике бар, ал Кыргызстанга көп келет. Бул жолу ал 20 күнгө келди. Ал бийлик бөлүп берген беш жумуш күнүнүн ичинде сөзсүз катталуунун жол-жобосуна биринчи жолу туш болуп отурат. Шелике Kloop.kgге кантип каттоого турганын жана кандай кыйынчылыктарга дуушар болгонун айтып берди.
Тил эксперименти
Акыркы жолу Шелике Кыргызстанга жаңы эрежелер киргизилгенге чейин келип кеткен. Анын айтымында, чек арадан өтүп баратканда келгенден кийин беш күн ичинде катталышы керек экенин ага эч ким кабарлаган эмес. Ал каттоонун жаңы эрежелери тууралуу тааныштарынан кокусунан укканын айтты.
Шелике каттоого туруунун тартиби тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) сайтынан маалымат издегенин, бирок талап кылынган документтердин тизмесин да, каттоого туруучу даректи да таппай койгонун айтып берди.
Орус тилин мыкты билгенине карабай, Шелике эксперимент жүргүзмөкчү болуп, паспорт столунун кызматкерлери менен англис жана немис тилдеринде сүйлөшүп көргөн.
«Ал жакта иштеген кишилер англис тилин да, немис тилин да, башка бир чет тилди да билишпейт. Документтештирүүнүн баары орус тилинде жүрөт. […] Көптөгөн [чет өлкөлүктөр] үчүн бул айла түгөнгөнү», — деп эсептейт ал.
Шелике анын Европадагы көп достору Кыргызстанга келгиси келип жатканын, алар өз алдынча документтерди тууралаштыра алаарына кызыкканын түшүндүрдү. Туристтин айтымында, ага котормочу берилген эмес, анткени паспорт столдорунда андай кадрлар жок.
Тоодогу боз үй
Жаңы эрежелер боюнча чет өлкөлүктөр каттоого туруп жатканда жанында паспорту жана кабыл алган тараптын — мейманкананын же турак үй ээсинин арызы болушу керек. Шелике каттоонун жол-жобосу тууралуу маалымат таппагандыктан, паспорттук столдо паспортун гана көрсөткөн.
Ал каттоо кызматынын өкүлдөрүнө өлкөгө келишинин максаты — саякат экенин жана убактысынын көбүн тоолордо өткөрүүгө ниеттенип жатканын бир нече жолу түшүндүргөн. Шеликенин айтымында, паспорт столунун кызматкерлери каттала турган бир дарек керек экенин айтып туруп алышкан.
Узакка созулган түшүндүрүүдөн кийин ал паспорт столунун алдында чатыр коюп, имараттын дареги боюнча катталууну сунуш кылган, бирок ага макул болбой коюшкан. Анда Шелике өзү катталган таанышынын дарегин айткан, бирок туристтин жанында үй ээсинин арызы болгон эмес.
«Аларга [Мамкаттоонун кызматкерлерине] менин [кайсы даректе катталаарым] баары бир болчу. Алар, тилекке каршы, ал [даректи] текшере албай коюшту. […] Оюма келген даректи айтып салсам деле боло бермек, ал жактан мени табышабы-жокпу… Балким кийинки жолу мен аларга “Баланча тоодогу боз үй” деп айтаармын», — деди саякатчы.
Аламүдүн районунун паспорттук-виза жана каттоо иши боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Элиза Жанузакова Kloop.kgге Кыргызстанга тоо жүрүштөрү үчүн келген туристтер үчүн өзгөчө каттоо тартиби каралганын айтты.
«Эгерде эч ким тосуп албаса, ал [турист] факты жүзүндө жашаган жери боюнча кайрылса болот. Ал паспорттук бөлүмгө кайрылып […], аны жергиликтүү мамлекеттик органдын административдик имаратына катташат», — деп түшүндүрдү Жанузакова.
Мамкаттоонун басма сөз кызматы 90 өлкөнүн жарандары үчүн жеңилдетилген жүрүү режимине өкмөт качан кол коеру белгисиз экенин билдирди.
Жаңы эрежелерди жокко чыгаруу
Каттоонун жаңы эрежелери быйыл 4-декабрда күчүнө кирди. Аларга ылайык чет өлкөлүктөрдүн баары келген күнүнөн тартып беш жумуш күнү ичинде паспорт столдорунда каттоого турууга тийиш.
Бул көптөгөн чет өлкөлүктөргө кыйынчылык алып келди. Туристтер маалыматтын жоктугун жана Мамкаттоонун кызматкерлери тил билбегенин айтып арыздана башташты.
Жаңы мыйзам жарандардын катуу сынына кабылгандыктан бийлик беш күндүк чектөнү алып таштамак болуп, жарандары Кыргызстанда катталбастан 28 күндөн 90 күнгө чейин жүрө ала турган 90 өлкөнүн тизмесин түздү. Бийлик ошондой эле өлкөгө кирип баратканда толтурула турган миграциялык карталарды киргизүүнү пландаштырууда.
ТЕМА БОЮНЧА: