Миграция боюнча мамлекеттик кызмат: Чет өлкөлүктөр үчүн каттоо кайрадан жеңилдейт, бирок миграциялык карталар киргизилет

Kloop.kg менен болгон маегинде Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев 90 өлкөнүн жарандарынын өлкөдө жүрүү шарты ноябрдын аягында кайрадан жеңилдетилээрин ырастады. Бирок кийинки жылы миграциялык карталар киргизилмекчи.

Маектеги эң маанилүү нерселер:

  • Өкмөт 90 өлкөнүн жарандары Кыргызстанда азыркы 5 күндүн ордуна 28 күндөн 90 күнгө чейин каттоосуз жүрө ала турган токтомду ноябрдын аягына чейин кабыл алышы керек;
  • 24-сентябрда парламент мыйзам кабыл алгандан кийин өкмөт бардык мыйзам алдындагы актыларды даярдап, чет өлкөлүктөрдү каттоо боюнча маселе чыкпагыдай кылып койгонго бир ай убактысы бар болчу. Бирок өкмөт аны кылганга жетишкен жок;
  • Асанбаев Кыргызстандын өкмөтү чет өлкөлүктөрдү эсептөөнүн жана каттоонун бирдиктүү электрондук системасын түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын, бирок ал качан толук күчкө кирип иштей баштаары белгисиз экенин айтат;
  • Ага чейин тескерисинче чет өлкөлүк жаран өлкөгө кирип баратканда толтуруп, жоготпой алып жүрө турган кагаз түрүндөгү миграциялык карталар киргизилет. Миграциялык карталар 2017-жылдын майында эле киргизилиши мүмкүн.

Видео көрсөтүү толугу менен:

Тагыраак:

Асанбаевдин айтымында, чет өлкөлүктөрдү беш күн ичинде каттоо дайыма эле болуп келген, бирок бул мөөнөттү айрым өлкөлөр үчүн узарткан мыйзам алдындагы актылар иштеп турган.

«Тышкы миграция жөнүндө» мыйзам менен кошо ошондой эле мыйзам актылары кабыл алынышы керек болчу. Ал тургай Асанбаевдин айтымында жарандары катталбастан жүрө турган мөөнөт узартылчу өлкөлөр көбөйүшү керек эле.

Бирок мыйзамдын жаңы редакциясы күчкө кирген учурга карата өкмөт жаңы мыйзам алдындагы актыларды кабыл алууга жетишпей калган.

«Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып мыйзам алдындагы актыларды кабыл алганга чейин ызы-чуу болуп кетти. […] Чет өлкөлүктөр туш келип кысылып калган бул убакыт мыйзам алдындагы актыларды дал келтириш үчүн зарыл болгон. […] Мыйзамга 24-сентябрда кол коюлган, 4-ноябрга чейин өкмөт ал мыйзам алдындагы актыларды даярдап, өлкөлөрдүн ошол тизмесин киргизгенге убактысы бар болчу», — деди Асанбаев.

Анын айтымында, азыр ал мыйзам алдындагы актылар даярдалып жатат, бирок Асанбаев атын айтпаган айрым өлкөлөр Кыргызстандын жарандары үчүн ошондой эле шарттарды киргизүүгө даяр болбогону өкмөттүн аракетин кыйынчылыкка дуушар кылууда.

Кыргызстан алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Өкмөт жарандары Кыргызстандын аймагында 28 күндөн 90 күнгө чейин каттоосуз жүрө ала турган 90 өлкөнүн тизмесин түздү.

Асанбаевдин сөзүнө караганда, ал тизме өкмөттүн кароосунда турат жана ноябрдын аягына чейин бекитилиши керек.

Өкмөт толук тизмени ачыкка чыгарган жок, бирок ага Евробиримдиктин бардык өлкөлөрү, АКШ, Канада, Австралия, Жапония, Түштүк-Чыгыш Азиянын бир нече өлкөсү жана болжол менен КМШнын дээрлик бардык өлкөлөрү кирээри белгилүү.

Эсепке алуунун электрондук системасына өтүү, бирок кагаз түрүндөгү миграциялык карталар

Асанбаевдин айтымында, Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдү каттоону жеңилдетиш үчүн мигранттарды эсепке алуунун бирдиктүү электрондук системасы түзүлүп жатат. Бул система бир нече мекемени камтымакчы.

«Бүгүн бул базаны башкаруу боюнча миграциялык кызматтын жооптуу кызматкерлерин окутуунун биринчи күнү болду. Тесттик режимде ал база иштей баштады. [2017-жылы] февралда ал база толук иштей баштайт деп үмүттөнөм», – деди ал.

Асанбаев комплекстүү маалымат базасын түзүү чет өлкөлүктөрдү «кезек күттүрбөй, каттоо ишине кишини түздөн-түз катыштырбай» каттоого алып келет деп эсептейт.

Бирок, электрондук базанын киргизилишине карабастан, өкмөт чет өлкөлүктөр Кыргызстанга кирип баратканда толтуруп, кетип баратканда калтырып кете турган миграциялык кагаз карталарды киргизүүнү пландап жатат.

Асанбаев ал карталар «чет өлкөлүк жарандын келиш максатын аныкташ» үчүн зарыл деп эсептейт.

«Казакстандан жыл сайын бир тарапка эле жыл сайын 3,5 миллион жолу чек арадан киши өткөн учур катталат. Алар кандай максат менен бара жатышат? Бирөө “Дордойго” ишкер катары баратат, бирөө жеке максаты менен мейманга, дагы бирөө турист катары Ысык-Көлгө. Башкача айтканда ыраат жок. […] Бул кагазда ал [чет өлкөлүк жаран] кириш максатын белгилейт», — деди ал.

Асанбаев чет өлкөлүк жаран миграциялык картасын жоготуп алса, «аны жоготуп алганын билдирип, калыбына келтириши» керек болоорун кошумчалады.

Анын айтымында, келген максат жана мөөнөт тууралуу маалымат миграциялык картада да, электрондук эсепке алуу системасында да чагылдырылат.

Маалыматты кайталап, чет өлкөлүктү миграциялык карта алып жүрүүгө мажбурлап эмне кереги бар деген суроого Асанбаев кагаз документи бар чет өлкөлүк жарандар өлкөдө узагыраак убакытка калгысы келсе, катталышына жеңил болот деген мааниде жооп берди.