«РусГидро» ГЭСтердин курулушунан акчасын кайтарып алыш үчүн Кыргызстанды сотко бериши мүмкүн

Орусиянын «РусГидро» энергохолдинги Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтеринин жана «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна жумшалган 36 миллион долларды кайтарып алгысы келет. Акчаны кайтаруу маселеси эки өлкө ортосундагы келишим жокко чыгарылган соң келип чыкты.

Орусиянын «РусГидро» холдингинин башчысы Николай Шульгинов анын компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтеринин жана «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна жумшалган акчаны кайтарып алыш үчүн эл аралык арбитраждык сотко кайрылышы мүмкүн экенин билдирди.

«Бул теманын үстүндө бардык деңгээлдерде, Энергетика министрлиги аркылуу жана башка каналдар менен иштеп жатабыз. Эгерде акчаны кайтарып ала албасак, жөн гана соттошобуз, анын ичинде эл аралык арбитражды да тартабыз. Башкача айтканда Кыргызстан мамлекети менен соттошобуз», — деген Шульгиновдун сөзүн келтирет ТАСС маалымат агенттиги.

Анын айтымында, кеп 35-36 миллион доллар жөнүндө жүрүшү мүмкүн. Келишим боюнча, курулуш тууралуу макулдашууну жокко чыгарган соң Кыргызстан «РусГидрого» курулушка жумшаган акчаны төлөп берүүгө тийиш.

Кыргызстандын долбоордон чыгышы

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 24-декабрындагы жыйынтыктоочу басма сөз конференциясында Орусия тарап кризистин айынан «Камбар-Ата-1» ГЭСинин жана Жогорку Нарын каскадынын курулушун бүтүрө албай тургандыгын билдирген.

«Бул макулдашууларды Орусия тарап объективдүү себептерден улам аткара албайт деп эсептейм. Бул жерде Орусиянын өкмөтүнө күнөө коюш да кыйын, ал кезде [2012-жылы] кырдаал башка болчу, азыр башка», — деп билдирген Алмазбек Атамбаев.

2016-жылдын январында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Нарын ГЭС каскадынын жана «Камбар-Ата-1» ГЭСинин биргелешкен курулушу боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу жөнүндө мыйзамга кол койгон.

Акчаны аудиттен кийин төлөйбүз

Улуттук энергохолдинг Жогорку Нарын ГЭС каскадынын жана «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна жумшалган акчаны Кыргызстан эл аралык аудиттен кийин төлөп берээрин билдирди. Расмий түрдө эки өлкө ортосундагы келишимдин аракети 2016-жылдын 9-августунан тартып токтотулду.

Макулдашуу боюнча, Орусия Кыргызстанда ГЭС объектилерин салып бериши керек эле, бирок курулуш создугуп кеткендиктен кыргыз бийлиги келишимден бир тараптуу чыгып кеткен.

Макулдашуунун пункттарынын бири келишимден бир тараптуу чыгып кеткен жак башка жактын чыгашаларын төлөп берүүгө тийиш экенин белгилейт.

Депутаттык комиссия Нарын облусунда салынган объектилердин наркы эки эсе жогору көрсөтүлгөн деген тыянакка келди. Депутаттар өкмөттөн курулушка кеткен чыгашага эл аралык аудит жүргүзүүнү өтүнүштү.

Курулуш долбоору

Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы келишимге 2012-жылдын 20-октябрында Бишкекте кол коюлган. Анын шарттары боюнча, тараптар ГЭС каскадын бирдей шартта салууга тийиш болчу. Объектилер пайдаланууга берилгенден кийин да ушул эле принцип сакталмак.

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу Орусиянын Кыргызстандагы эң масштабдуу долбоору болуп калды.

ТЕМА БОЮНЧА:


Kloop.kgнин иликтөөсү: Жогорку Нарын ГЭСтериндеги объектилерди курууда ким канча акча иштеп тапкан?