Атамбаевдин мурдагы жан сакчысынын оппозициячы Турдукуловго каршы доо арызы боюнча сот жыйыны кайрадан кийинкиге жылдырылды

Биринчи май райондук соту Эркин Мамбеталиевдин Адил Турдукуловго каршы доо арызы боюнча процессти экинчи жолу кийинкиге калтырды. Биринчи жыйын 9-декабрга дайындалып, бирок 16-декабрга жылдырылган. Бүгүн эми сот доо арыздын каралышын 20-январга жылдырды.

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев оппозициячы Адил Турдукуловго каршы 21-ноябрда «ар-намысын коргоо жөнүндө» доо арыз берген. Жоопчуга сот тууралуу чакыруу кат 5-декабрда келип түшкөн, сот болсо 9-декабрда өтмөк.

Адил Турдукуловдун айтымында, биринчи жолкусунда сот «белгисиз себептер менен» кийинкиге калтырылган. Иштин кийинкиге калтырылышы оппозициячыга адвокат тапканга мүмкүнчүлүк берген, болбосо ал мурун сотто өзү өзү коргомок.

Экинчи жолу процесс иш менен таанышууга үлгүрбөй жаткан Турдукуловдун адвокатынын өтүнүчү менен кийинкиге калтырылды.

Доо арыздын себептери

Оппозициячы Адил Турдукуловдун «Фейсбукта» жазгандары Эркин Мамбеталиевдин доо арызына себеп болду. Мамбеталиев тууралуу жазуулар болжол менен бир жыл мурун жарык көргөн, бирок президенттин мурдагы жан сакчысын 2016-жылдын ноябрында гана кызыктыра баштады.

Алардын биринде ал Мамбеталиевди «киши өлтүргүч» деп атаган, экинчисинде «күнөөсү далилденген киши» 2010-жылы «Атамбаевдин жардамы болмоюнча» түрмөдөн чыкмак эмес деген пикирин жазган.

Доо арызында Мамбеталиев жарык көргөн маалыматтар ага моралдык зыян келтирип, алардын айынан ал «кабатыр болуп, ачуусу келип, уят болгонун» жазат. Доочунун моралдык чыгымы 5 миллион сомго бааланган.

Эркин Мамбеталиев кылмыш кылганы тууралуу мурда эле сөз болуп келген. «Азаттык» үналгысынын маалыматы боюнча, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп, 2005-жылы сегиз кишинин өлтүрүлүшү боюнча иштин алкагында жоопко тартылган.

Анын иши 2010-жылы жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан каралып, ал эркиндикке чыккан.

Эркин Мамбеталиев атайын аскер бөлүгүнүн мурдагы жоокери жана мурдагы президент Аскар Акаев менен азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы катары белгилүү.