Токтогул ГЭСинде бир апта ичинде экинчи авария болду ― «Электр станциялар» ишканасынын жетекчилигинин маалыматы боюнча, мындан улам Бишкекте жана Чүй облусунда маал-маалы менен электр жарыгын өчүрүү башталышы мүмкүн.

Экономика министринин орун басары Айбек Калиев 29-декабрдагы маалымат жыйынында авария 28-декабрь күнү эртең мененки саат 06:00до болгонун билдирди ― Токтогул ГЭСиндеги экинчи гидроагрегаттын кабелдик линиялары жарактан чыккан.

Калиевдин айтымында, 500 кВт кубаттуулуктагы кабелдердин биринде майдын сызылып чыгуусу болгон.

Бул акыркы бир апта ичинде Токтогул ГЭСинде орун алган экинчи авария ― 23-декабрдан бери станцияда 500 кВт кубаттуулуктагы бир трансформатор иштебей эле. Бул эки авариядан улам Токтогул ГЭСиндеги кубаттуулук эки эсеге азайган ― 1200 мВттан 600 мВтка чейин.

Авариялардан улам Экономика министрлиги, «Электр станциялар» жана «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААКсы жалпы Кыргызстан боюнча электр энергиясын пайдаланууга чектөө киргизген ― ал чектөөлөр 29-декабрь күнү саат 12:00гө чейин иштеди.

«Бүгүн саат 12ден тарта бардык чектөөлөр алынды жана Жаңы жылга чейин калк электр жарыгын толук көлөмдө алат деп кепидик беребиз», ― деп билдирди Калиев.

«Өчүрүүлөр болушу мүмкүн»

«Электр станциялар» ишканасынын башчысынын орун басары Узак Кыдырбаевдин айтымында, эки авариядан улам учурда иштеп жаткан генераторлордо 600 мВт «камалып турат», бирок кабелдер жарактан чыккандыктан иштелип чыккан андагы электр энергиясын берүү мүмкүн эмес.

Министрдин орун басары Калиев оңдоо иштери үчүн өлкө бийлиги Орусиядан адистерди чакырганын, а керектүү тетиктер Кытайдан сатылып алынарын билдирди.

«Оңдоо иштеринин узактыгы 2-3 аптаны түзүшү мүмкүн. Биз электр энергиясын импорттоо маселелерин карап жатабыз. Суткасына 6 млн. киловаттай жетпей жатат. […] Биз жаңы жылдан кийин чектөөлөрдүн киргизилиши мүмкүндүгүн жокко чыгарбайбыз», ― деди Калиев.
Кыдырбаев өлкөдө «кризистик абал жаралганын», ага байланыштуу электр энергиясын «суткасына бир-эки саатка» өчүрө тургандыктарын билдирди.

«Биз суткалап жарыксыз отурган коңшуларыбыз менен теңелүүнү каалабайбыз. Электр жарыгын кезек менен күнүнө бир-эки сааттан өчүрөбүз. Калк мунун аргасыз чара экенин түшүнүшү керек. Буга чейин бир эле маалда Токтогул ГЭСинде эки гидроагрегат иштебей калган учур болгон эмес», ― деп билдирди Кыдырбаев маалымат жыйынында.

Экономика министринин орун басары Калиев электр энергиясын берүүдө мүчүлүштүктөрдү болтурбоо үчүн бийлик Токтогул суу сактагычынан суунун агып чыгышын көбөйтө тургандыгын кошумчалады ― бул Нарын дарыясынын төмөнкү каскадындагы Күрп-Сай, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай ГЭСтерине болгон жүктөлүштөрдү көбөйтөт.

«Заноза» жаңылыктар порталы эгер электр энергиясы импортолуп баштаса, ага болгон тарифтердин кандай болору азырынча белгисиз экенин жазууда.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев Kloop.kgге курган маегинде Токтогул ГЭСиндеги эки авариянын себептерин аныктоо үчүн өкмөт мамлекеттик комиссия түзүшү керектигин айтты.

«Тийиштүү органдардын катышуусунда мамлекеттик комиссия түзүп, ал авариялардын себептери менен күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн Кыргызстандагы эң ири ГЭСте дагы канча авария болушу керек?» ― деди Умбеталиев.

Анын айтымында, жарактан чыккан кабелди Франциядан сатып алууга болот.

23-декабрдагы авария

23-декабрдагы Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын трансформаторундагы авариялык өчүү Чүй облусунун үч районуна электр энергиясынын берилишин үзгүлтүккө учураткан ― Москва, Жайыл жана Панфилов.

Анда «Электр станциялар» ишканасынан ал өчүрүүлөрдүн себептери белгисиз экенин билдиришкен, бирок станциянын иши кайрадан калыбына келтирилген болчу.

23-декабрда аварияга учураган трансформатордун ишиндеги бузулуулар буга чейин да табылган ― 2014-жылы «Запорожтрансформатор» деген украиналык компания андагы жабдууларды алмаштырган, а 2015-жылы объект пайдаланууга берилген.

Анда бийлик жаңы жабдуу авария болуу ыктымалдыгын минималдаштырышы керектигин билдирген болчу.

Премьер-министр Темир Сариев парламенттин 23-декабрдагы жыйынында Токтогул ГЭСиндеги энергетиктер электр энергиясынын «суткалык толук керектөөсүн камсыз кыла тургандыктарын» айтып депутаттарды ишендирген.

«Эгер себеп ошол трансформатордо болсо, анда Украинадан (Запорожья) жабдуу келген, оңдоо иштери жүргүзүлгөн, кепилдик бар. Эгер алардын күнөөсү менен болсо, анда алар өз эсебинен оңдоо иштерин өткөрүшөт. Бул болжолдуу иш, электр энергиясы болот, чектөөлөр алынды, бардык жерде электр энергиясы болот», ― деп жазган анда «Тазабек» жаңылыктар агенттиги Сариевдин айткандарын.