Текебаев: Белиз документтери «жасалма»

Оппозициячы Өмүрбек Текебаев «Ата Мекендин» үч депутаты 2012-жылы «Мегаком» компаниясын сатууга кызыкчылыгы болгондугу тууралуу Белизден жиберилген документтерди «өтө орой жасалмалоо» деп атады. Анын айтымында, бул документтерди атайын кызматтар анын өзүнө жана башка оппозициячы саясатчыларга кысым көрсөтүш үчүн пайдаланып жатышат.

Текебаев 27-декабрда парламенттеги басма сөз жыйыны учурунда анын юристтери Белизден алган документтерди көрсөттү.

«УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин документтеринен айырмаланып, бул документтер расмий документтер. Бул биринчи документтер, калгандары бара-бара келе берет», — деди ал.

Депутат Белизден келген документтерди пайдалануу менен атайын кызматтар оппозицияга кысым көрсөткүсү келет деп эсептейт. Ал УКМКнын документтеринде сөз болуп жаткан адамдардын, атап айтканда, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын паспорттук маалыматтары өтө орой ката менен көрсөтүлгөнүн айтты.

Текебаев Southfiled Management Inc компаниясын башкарган «Авалон» фирмасы жабылганын жана «алдамчы» экенин айтты. Божомол боюнча Southfiled Management Inc «Мегаком» компаниясынын акцияларында үлүшү болгон жана бийликтен кулатылган президенттин уулу Максим Бакиевге таандык болгон.

«“Белизгейт” — бул УКМК менен жабык [“Авалон”] фирмасынын кызматкерлери биргелешип даярдаган атайын операция», — деди ал.

Ал ошондой эле документтерди ырастаган Wrobel&Co нотариалдык кеңсесинин өкүлү Белизден Бишкекке эч нерсе жөнөтпөгөнүн билдирди. Бул фирманын башчысы Раян Ж. Вробелдин колу УКМК пайдаланган документтерде жүрөт.

«Биздин юристтердин максаты — жасалма документтерди даярдаган адамдарга каршы Белиздин мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголушуна жетишүү. Азыр алар бул маселе боюнча иш жүргүзүп жатышат», — деди ал.

Саясатчы ошондой эле кылдат иликтөөнү талап кылып жатканын жана бул жагдайды изилдеш үчүн Башкы прокуратурага кайрылганын билдирди.

«УКМКнын башчысы президентке жана коомчулукка өзү алып чыккан документтердин кайдан келгенин билбейт экен. Ал мындай маалыматтарды кайдан алганы тууралуу жооп беришин сураганыбызда ал [жооп берүүдөн] баш тартты. Ошондон кийин биз Башкы прокуратурага кайрылып, ал УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин аракеттерине укуктук баа берсин дедик», — деди ал.

2016-жылдын ноябрында Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге 2012-жылы мамлекетке алына элек «Мегаком» компаниясынын сатылышына парламенттин үч депутатынын кызыкчылыгы болгонун көрсөткөн Белиздин расмий органдарынан алынган трасттык документтерди (апостилдерди) алып келген.

Документтерде «Ата Мекен» фракциясынын үч депутатынын — Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын аттары аталган.

ТЕМА БОЮНЧА: