Түркиядагы террордук чабуул: Измирдеги соттун имаратынын алдындагы жарылуу

Порттуу шаар Измирде соттун имаратынын алдында жарылуу болду. Эки киши курман болуп, онго жакын адам жаракат алды. КР ТИМинин маалыматы боюнча жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

5-январда Измирде соттун имаратынын алдында болгон жарылуу эки кишинин — соттун жана полициянын кызматкеринин өмүрүн алды. Онго жакын адам жарадар болду.

Жарылуу полиция кызматкери шектүү автоунааны соттун имаратынын алдында токтоткондон кийин болду. Автоунаада отурган кишилер качууга аракет кылып, анын ичинде катылган жардыруучу түзмөктү иштетип жиберишкен.

Кол салгандар Калашников автоматтары жана гранаталар менен куралданган. Алардын экөө атышуу убагында өлтүрүлүп, үчүнчүсүн полиция издеп жүрөт.

Түрк бийлиги террордук чабуулдун артында Күрдстан жумушчу партиясы турат деп эсептейт.

Бир күн мурда, 4-январда Измирдин полициясы «Ислам мамлекети» террордук уюму менен болжолдуу байланышта болгон 20 кишини колго түшүргөн.

Кармалгандардын баары — Измирге түрктөрдүн Конья шаарынан келген Түндүк Африканын жана Борбор Азиянын жашоочулары. Версиялардын бирине караганда, Стамбулга «Рейна» түнкү клубуна кол салуу боюнча шектүү киши ошол эле шаардан барган.

Стамбулдун түнкү клубуна жаңы жылга караган түнү террордук чабуул коюлуп, анын айынан 39 киши курман болгон, алардын көпчүлүгү — чет элдик жарандар эле.

«Рейна» түнкү клубуна кол салуунун жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» террордук уюму өзүнө алган.

Сүрөт: Reuters

ТЕМА БОЮНЧА: