Жалал-Абад шаардык кеңешинин эки фракциясынын башчылары көпчүлүк коалиция түзүлгөн 12-декабрдагы сессияны мыйзамсыз деп билдиришти. КСДП жана «Кыргызстан» партияларынын депутаттары ал сессияга келген эмес, бирок себебин түшүндүрүшкөн эмес.

Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги КСДП жана «Кыргызстан» фракцияларынын жетекчилери 12-декабрда өткөн сессияда көпчүлүк коалициянын түзүлүшүн мыйзамсыз деп жарыялашты.

КСДП фракциясынын депутаты Абдилбает Мамасадыков депутаттар болочок коалиция маселесин талкуулап жатышкандыктан сессияга келбей калышканын айтты.

«Биздин фракция кечээки сессияны мыйзамсыз деп эсептейт, анткени шаардык кеңештин мурдагы спикери жаңыдан шайланган депутаттарды чакырышы керек эле. Мындан тышкары сессияга 21 депутат катышышы керек болчу, иш жүзүндө болсо алар 16 эле киши болгон. Сессия улуу депутаттын төрагалыгы астында өтүүгө тийиши болчу. Ошондуктан биз кечээки отурумду тааныбайбыз», — деди ал.

«Кыргызстандын» өкүлү Эмил Абдыкадыров да анын фракциясындагы депутаттар ошол учурда коалиция түзүү маселелерин талкуулап жатышканын, ошондуктан 12-декабрдагы сессияга кечигип калышканын айтты.

«Прецедент» компанияснын юристи Ильяна Жедигерова Kloop.kg менен болгон маекте көпчүлүк коалиция түзүш үчүн сессиядагылар депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес болушу керек экенин айтты.

«Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем болбосо иштөөгө укуктуу. Эгерде кечээки сессияга 16 киши катышса, бул жарымынан көп, мен көпчүлүк коалиция түзүүнү мыйзамдуу деп эсептейм», — деди ал.

12-январда үч фракция - «Өнүгүү-Прогресс», «Республика — Ата-Журт» жана «Ата-Журт» фракциялары Жалал-Абад шаардык кеңешинде көпчүлүк коалиция түзүштү.

Депутаттардын зарыл саны жоктугунан улам шаардык кеңешке спикер шайлоо кийинки отурумга калтырылды. Спикер шайлаш үчүн 31 депутаттын 21и керек. Отурумда жалпысынан 16 киши отурган.

Сүрөт: «Турмуш»

ТЕМА БОЮНЧА: