Рим Папасы Франциск «Манас» аба майданынан анча алыс эмес жерде «Боинг-747» кулап түшкөндө курман болгон 38 кишинин өлүмүнө байланыштуу кыргызстандыктарга көңүл айтты. Ал Кыргызстандын эли «кайрат кылып, сооронушун» тиледи.

Расмий сайтта католик чиркөөсүнүн башчысы, Рим Папасы Францисктин Кыргызстан элине көңүл айтуусу жарык көрдү.

«Папа Франциск жакшы көргөн адамдарынан айрылып, маркумдардын жанын Жараткандын ырайымына табыштагандардын баарына көңүл айтат. Улуу Даражалуу куткаруу жана издөө иштери үчүн дуба кылып жатып, эл кайратына кайтып, сооронушун Кудайдан тилейт», — деп жазылат билдирүүдө.

«Боинг-747» учагы «Манас» аба майданынын жанына 16-январда Бишкек убактысы боюнча таңкы 7:20да кулап түшкөн. Ал жакын жайгашкан Дача-Суу дача кыштагын басып калган.

Жүк ташуучу учактын кулашынын айынан 38 киши курман болуп, дагы 13 киши ооруканада жатат. Курман болгондордун көпчүлүгү — дача кыштагынын тургундары.

Вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев Кыргызстандын өкмөтү курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 70 миң сомдон, ал эми президент Алмазбек Атамбаев 100 миң сомдон бөлүп берээрин билдирди.

Учакка ээлик кылган MyCargo Airlines компаниясы да курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берет.

Сүрөт: «Рейтер»

ТЕМА БОЮНЧА: