Православ христиандарынын негизги майрамдарынын бири — Ыса пайгамбардын чокунушу — 19-январда өттү. Ибадатканаларда Кудайга майрамдык сыйынуу жана сууну ырымдоо болуп, динге ишенгендер аязга карабай муздагы сууга жана купелдерге (атайын чиркөө идишине) түштү.

Майрам күнү чиркөөлөрдөн чокунуп сууга түшүү жөрөлгөсү өтө турган жакынкы дарыяларга жана көлмөлөргө икона көтөрүп жүрүш жасоо салты бар. Ырымдалган сууну жылы бою сактап, жанды жакшы кармаш үчүн дайыма ичиш керек деп айтылат.

Kloop.kgнин кабарчысы Даниил Ляпичев Ленин айылындагы чокунуп сууга түшүү майрамын көрүп келди. Поп сууну ырымдаган соң динчилдер сууга түштү.

Сууга чумкуганга дити баргандардын арасында чоңдор да, балдар да болду.

Муздагы сууда түшкүсү келгендердин баары үчүн эки көзөнөк оюлган, коопсуздук үчүн тепкич коюлган.

Чокунуп сууга түшүүдө жергиликтүү казачествонун өкүлдөрү жүрдү. Казак-орустар эч ким муздун астына түшүп кетпешине көз салып турушту.

Чокунуу христиандардын эң негизги жөрөлгөлөрүнүн бири болуп саналат. Чокунуу жөрөлгөсү сууга түшүү же төбөсүнөн ылдый суу куюнуу аркылуу ишке ашырылат.

Чокунуудан кийин адам чиркөөнүн мүчөсү болуп, бардык башка христиан жөрөлгөлөрүнө катышууга укук алат.

Чүй облусунда чокунуп сууга түшүү Ново-Покровкада, Воронцовкада жана Сосновкада болуп өттү.

Сүрөт: Даниил Ляпичев

Сосновка айылындагы чокунуп сууга түшүүгө Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил катышты. Ал Димитрий Солунский ибадатканасынан Карабалта суусуна чейин жүрүш жасады — бул сууну «Кыргыз Иорданы» деп да атап коюшат (Иордан — Тоорат боюнча Ыса пайгамбар чокундурулган жер).

ТЕМА БОЮНЧА: