Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) «Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюмунун укук коргоочулары экстремизм боюнча шектелген адамды кармоого тоскоолдук кылгандарын билдирди. Фонддун төрагасы, атайын кызматтын билирүүсүн жоко чыгарды. Анын айтымында, кармоо болгон жерде алардын кызматкерлери болгон эмес.

УКМКнын билдирүүсү боюнча, «Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюмунун укук коргоочулары «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деп шектелген адамдын үйүндө «тинтүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылышкан».

Атайын кызматтар камакка алынган адамды Кылмыш-жаза кодексинин «Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет» беренеси боюнча күнөөлөп жатат.

Учурда УКМК тергөө иштерине тоскоолдук кылган аракет боюнча кылмыш ишин козгоо маселесин карап жатат.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоочу уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова УКМК билдирүсүн «калп» деп баалады. Анын айтымында, кармоо жүргүзүлгөн жерде алардын кызматкерлери болгон эмес.

«Биздикилер ал жакта жок болчу. “Бир Дүйнөнүн” бир да кызматкери ал жерде болгон эмес. […] УКМКга чалып биз тууралуу таркаткан маалыматтарын төгүндөөнү айттык, алар “Бир Дүйнөнү” күнөөлөш үчүн кайсы бир жалган ыкмаларды колдонуп жатышат», — дейт ал.

Анын айтымында, атайын кызматтар тарабынан кармалган адам «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» Оштогу юристи Валерьян Вахитовго кайрылган.

«Бул киши 19-январда дагы да жалган айыптоолор менен кармалган болчу, ал эми 20-январда анын бир тууганы Оштогу адвокаттардын бирине [“Бир Дүйнөнүн”] кайрылган эле. Валерьян Вахитов аны жеке адвокат катары коргогон. Биздин буга эч кандай тиешебиз жок», — дейт Исмаилова.

Анын сөзү боюнча, укук коргоочу уюм дайыма атайын кызматардын «көңүл борборунда» болуп келген. 2015-жылы марттын аягында УКМК «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» оштогу офисинде жана адвокат Вахитовдун үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Анда УКМКнын кызматкерлери жумуш үчүн колдонулган ноутбуктарды жана укук коргоочулар иштеп жаткан кылмыш иштер боюнча материалдарды алып коюшкан.

Тинтүүлөр «экстремизмге» тиешеси бар болушу мүмкүн деп шектелип жаткан америкалык журналист Умар Фарукка байланышгтуу жүргүзүлгөндүктөн анда атайын кызматтар адвокаттардын өзүнө эч кандай кине койгон эмес.

Соавтор: Мадина Машанло.
Сүрөт: «Бир Дүйнө — Кыргызстан»

ТЕМА БОЮНЧА: