Эл аралык авиациялык комитеттин (ЭАК) өкүлү азырынча түрк учагынын «Манас» аба майданынын жанына кулашынын алдын ала себептери аныктала элек экенин билдирди. Бирок айрым жагдайлар — учкучтардын акыркы сөздөрү, учак кантип конгону — белгилүү болду.

«Манас» аба майданынын жанында түрк учагынын кулашын иликтөө боюнча ЭАКтын комиссиясынын төрагасы Леонид Каширский 24-январда журналисттердин алдына чыкты. Ал соңку жыйынтыктар алты ай же бир жыл ичинде белгилүү болушу мүмкүн экенин билдирди.

Түркиянын MyCargo авиакомпаниясынын «Боинг-747» учагы аба майданынын жанындагы үйлөргө кулап түшкөндө 39 киши курман болгон. Азыр ондон ашуун адам ооруканада жатат.

Каширскийдин айтымында, ЭАК азыр учактын кулашынын бардык версияларын: экипаждын аракеттерин, учактагы да, диспетчердик бөлүмдөгү да жабдуунун ишке жарактуулугун иликтеп жатат. «Техника бузулганы тууралуу учактан эч кандай маалымат түшкөн эмес», — деди ал.

ЭАК өкүлүнүн сөзүнөн эмне белгилүү болду?

Учак конууга бир жолу аракет кылган. Ал автоматтык түрдө конгон. Учактын бардык системалары жарактуу болчу. Азыр конуучу борт системасынын ишке жарактуулугу изилденип жатат.

Жүк Стамбулдагы кардарга бараткан, коркунучтуу жүк жүктөлгөн эмес. ЭАК комиссиясы жүк боюнча бардык документтерди таап, аны ала тургандар Бишкекте эмес, Стамбулда болгонун билдирди. Каширский жүктү кабыл алуучу компанияны атай алган жок, анткени ал атайын белгичелер менен белгиленет.

Экипаждын акыркы сөздөрү аба ырайы тууралуу болгон. Учактын учкучтары Бишкектеги аба ырайы тууралуу маалыматты угуп, аны кабыл алганы тууралуу жооп беришкен.

ЭАК аба майданынын жанына үй салуу «туура эмес» деп эсептейт. Комиссия эл аралык жана мамлекеттик документтерди изилдеп чыгып, стандарттан четтеп кеткен учурлардын баарын сүрөттөп чыгат.

Учак Бишкекке май куя кеткени келаткан. ЭАКтын өкүлү учак план боюнча кошумча май куя кеткени конуп баратканын, ал тапшырмага киргизилгенин билдирди. Каширский «Боинг-747» сыяктуу учактар Гонконгдон Стамбулга чейин кошумча май куйбастан жете албасын айтты.

Иликтөөгө Кыргызстан, Түркия жана АКШ катышууда. Кыргызстан окуя болгон өлкө катары катышып жатат. Түркия — авиакомпания катталган, учак пайдаланылган өлкө. АКШ — учак иштелип чыккан өлкө.

ЭАК кырсык болгон жердеги топуракты санитардык жактан тазалап чыгууга кеңеш берет. Каширский кырсык болгон жерде Дача-СУ кыштагына отун төгүлгөнүн айтты. «Санитардык тазалоо жүргүзүлөт, санэпидкызматка тиешелүү кайрылуу болот. Мен ӨКМге кат даярдап койдум», — деди ал.

Толук видео:

Авторлошу: Анна Капушенко