«Манас» жана эски кол жазмалар онлайнда. Илимдер академиясы электрондук китепкананы ачты

Кыргызстандын Илимдер академиясы атайын ачылган сайтка беш миңден ашык эски кол жазмаларды, илимий иштерди жана фольклордук чыгармаларды жайгаштырды.

Документтердин топтому 24-январдан баштап жеткиликтүү болду — онлайн-китепкананын сайтында «Манас» эпосунун бардык варианттарын, кыргыз окумуштууларынын эмгектерин, мектеп окуу китептерин жана диссертацияларды тапса болот.

Түзүүчүлөрдүн сөздөрүнө таянсак, окумуштуулар 1900-жылдан бери кыргыз фольклорун, «Манас» эпосунун бардык варианттарын кагаз бетине түшүрүп келишкен, эми алардын бардыгы санариптелип чыкты.

«Буга чейин окумуштуулар раритеттик басылмаларды жана кол жазмаларды көздүн карегиндей сактап келишкен. Эми алардын бардыгы толук системалаштырылып, алардын сакталышы камсыздандырылды», — дейт Илимдер академиясынын өкүлү Асел Исаева.

Санариптелген документтердин арасында кыргыз жазуучуларынын мурда жарыяланбаган чыгармалары жана ошондой эле Советтер союзу заманында тыюу салынган документтер бар.

Сайттан ар түрдүү жазмадагы: араб, латын жана кирилл графикасындагы материалдарды тапса болот.

Жөнөкөй колдонуучуга 350 кол жазма гана жеткиликтүү, ал эми сайттагы бардык материалдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алыш үчүн ал Илимдер академиясына кайрылышы керек болот.

Сайт толук жасатылып бүтө элек. Жакында онлайн-китепканага дагы 1500 материал жайгаштырылат.

ТЕМА БОЮНЧА: