Жолдор, транспорт жана бактар. Басма сөз жыйынында мэр дагы эмнелерди сүйлөдү?

Бишкектин мэри Албек Ибраимов 2016-жылдын баштапкы жыйынтыктарын чыгарып коюш үчүн журналисттер менен жолугушту. Басма сөз жыйынында Ибраимов жасалган иштер жана келечек пландар жөнүндө айтып берди.

Бишкектин мэри муниципалитет 2016-жылы жасаган иштердин жыйынтыгын чыгарды.

Мэр менен кошо журналисттер менен жолугушууда вице-мэрлер, райондордун акимдери жана муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери болду.

Бактар жөнүндө

Журналисттердин Бишкекте эмне себептен бактар көп кулайт деген суроосуна Ибраимов бактардын баш жагы алардын тамырларына туура келбей жаткандыгын айтты.

Ноябрдын аягында Бишкекте кар жааган соң 600 бак кулаган. Бактар 40тан ашуун автоунаага зыян келтирген.

Сүрөт: Метин Джумагулов
Сүрөт: Метин Джумагулов

Мэр кардын айынан дүйнөнүн башка борбор шаарларында да бактар кулай турганын айтты.

«Бактар Бишкекте эле эмес, Нью-Йоркто да кулайт. Биздин бактар чачтарачка акыркы эки жыл бою барбаган киши сыяктуу. […] Ошондуктан биз бүгүн бактарды көп тегиздеп жатабыз. Бутактары оор болуп салмакты көтөрө албай сынып кетип жатышат», — деди ал.

Ибраимов  мэрия кийинки сезондо жаңы технология менен 100дөн ашык көчөт отургузууну пландап жатканын кошумчалады.

Шаарды жарыктандыруу жөнүндө

Сүрөт: Алена Михеева
Сүрөт: Алена Михеева

Ибраимов шаардын ортосунда көчөлөрдү жарыктандырыш үчүн тогуз миң фонарь орнотулганын айтты. Мэрия калктуу конуштардагы жарыктандырууга 11 миллион сом сарптоону пландаштырууда.

Транспорт жөнүндө

Мэр шаарды коомдук транспорт менен камсыз кылуунун комплекстүү программасы иштелип чыкканын айтты. Анын айтымында, ал коомдук транспорт үчүн атайн тилке бөлүп, жолдорду кеңейтүүнү камтыйт.

Сүрөт: Александр Беленький
Сүрөт: Александр Беленький

Ибраимовдун айтымында, башкалаанын мэриясы 400 автобус сатып алмакчы.

Мэр ошондой эле келаткан жылдын биринчи чейрегинде 50 жаңы троллейбус сатып алуу пландалып жатканын кошумчалады. Азыр шаарда 118 троллейбус иштейт.

Жолдор жөнүндө

Ибраимов башкалаанын жолдору «аба ырайынын начардыгынан жана жаан-чачын көп жаагандыктан» жаман абалда болуп жатканын билдирди.

Сүрөт: 24.kg
Сүрөт: 24.kg

Ал капиталдык курулуш башкармалыгы КЭР өкмөтү менен Бишкектин жолдорун кайра куруу жана калыбына келтирүү боюнча келишимге кол койгонун кабарлады. Кытай тарап шаардагы 49 жолду жана 6 көпүрөнү кайра салып чыгууга грант бөлдү.

«Кийинки жылы биз Лев Толстой көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки жолдорду кайра курууну баштайбыз», – деди ал.

«Жаткан полициячылар» жөнүндө

Ибраимов кыш келгенден бери автоунаалар аттап өтө албай калгандыктан мэрия 50дөй «жаткан полициячыны» алып салышка мажбур болгонун айтты. Ал ар бир «жаткан полициячыны» орнотуу бюджеттен 2100 сом талап кылганын белгиледи.

Сүрөт: Zanoza.kg
Сүрөт: Zanoza.kg

Анын айтымында, мэрия «жаткан полициячылардын» техникалык стандарттарын өзгөртүүнү караштырып жатат.

«Институттардын бири автоунаалардын ылдамдыгын азайтыш үчүн «полициячылардын» бийиктиги мурдагыдай эле калып, жазылыгы үч метр болсун деп сунуш кылды», — деди Ибраимов.

Жол кырсыктары жөнүндө

Журналисттер мэрия башкалаадагы күчөп бараткан жол кырсыктары менен кантип күрөшмөкчү болгонуна кызыгышты.

avariya

Ибраимов «айдоочулардын аң-сезимине үмүт артуу пайдасыз» экенин айтып, штрафтарды көтөрүү зарыл экенин билдирди. Анын айтымында, жол кырсыктарынын көп болуп жаткан себеби - автоунаалардын көптүгү.

«Беш жыл мурун Бишкекте 100 миң автоунаа катталган. Бүгүнкү күндө 380 миң автоунаа каттоодо турат. Бул мурдагыдан дээрлик 3,5 эсе көптүк кылып, жол кырсыктарынын көбөйүшүнө таасир тийгизүүдө», — деп эсептейт мэр.

Автоунаа токтотуу жөнүндө

Мэр шаарда автоунаа токтотуучу жайлар көбөйтүлө турганын айтты. Анын сөзүнө караганда, БУДдун алдындагы көп деңгээлдүү 500 орундук унаа токтотуучу жайдын, ошондой эле ШУДдун алдындагы 300 орундук унаа токтотуучу жайдын долбоору жактырылды.

parkovka-alamedinskij-kopiya

Мэр автоунаалардын ээлери акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлардын кызматынан пайдаланышы үчүн автоунааны туура эмес жерге токтоткон кишилерге салынчу штрафты көтөрүш керек деп эсептейт.

«Бүгүн биздин адамдар унааларын каалаган жерине жана бекер койгонго көнүп алышты. Унааны туура эмес жерге койгону үчүн штрафты эки, үч, беш эсе көп болмоюнча... Ошондо ал өзү эле унаа токтото турган жерге кое баштайт, анткени штраф миң сом, токтотуу 100 эле сом турган болот», — деп эсептейт Ибраимов.

Бала бакчалар жөнүндө

Мэрдин айтымында, Бишкекте муниципалдык бала бакчаларды салуу боюнча план жок.

Ал азыр менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча иш жүрүп жатканын айтты. Мисалы, былтыр шаарга төрт бала бакча кайтарылып берилген.

Өрт коопсуздугу жөнүндө

Ноябрда Бишкекте бир нече чоң өрт чыкты — Бишкектин түштүк-батышындагы күйүүчү-майлоочу майлардын склады өрттөнүп кетти, «Ала-Тоо» аквапаркы жана Бишкектин түштүгүндөгү менчик мектеп менен чиркөө күйүп кетти.

elemnedeit_pojar

Ибраимов өрт коопсуздугун жакшыртуу боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, текшерүүнүн жүрүшүндө инспекция көптөгөн объектилерге өрт коопсуздугун сактоо боюнча эскертүү берди.

«Мэриянын компетенциясына кирбеген имараттар абдан көп экенин эске алуу зарыл. Негизинен алар мекемелерге таандык жана менчик имараттар. Алардын жоопкерчилигин менчик ээлери өздөрү тартышы керек», — деди Ибраимов.

Көрүстөндөр жөнүндө

Ибраимовдун айтымында, 2017-жылы Гроздь айылында жаңы көрүстөн ачылат. Ал жаңы көрүстөндө мүрзөлөр так номерлери менен жайгашкыдай сөөк коюунун схемасы иштелип чыкканын билдирди. Ошондой эле көрүстөндүн аймагы жарыктандырылып, эки даараткана жайгаштырылып, сугат үчүн эки цистерна коюлат.

foto-chynary-israilovoj-harehuzen

2017-жылга карата шаардын өнүгүшүнүн негизги багыттары — жол салуу жана коомдук транспорттун ишин оңдоо.

Авторлошу: Зияра Шарипова