Бишкек: Эки «Лексустун» кагылышуусунан башка автоунаанын жүргүнчүлөрү жабыркады

Февралдын 8инен 9уна караган түнү Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык болду. «Лексус 470тин» айдоочусу чоң ылдамдыкта баратып кызыл жарыктан өтүп кетүүгө аракет кылып, бирок башка «Лексус» жана «Дайхатсу» автоунаасы менен кагылышты, анын айынан акыркы айтылган автоунаа ала салып кетти.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз борборунун өкүлү Таалай Бугубаев Kloop.kgге жол кырсыгы 00:30да болгонун кабарлады.

Анын айтымында, «Лексуса 470тин» айдоочусу кызыл жарыкка чоң ылдамдыкта өтүп баратып «Лексус GX» жана «Дайхатсу» автоунаасы менен кагылышкан.

Эки киши — 1993-жылы туулган кыз жана 1999-жылы туулган жигит жабыркады. Экөө тең — «Дайхатсунун» жүргүнчүлөрү.

Алар шаардык төртүнчү ооруканага жеткирилди.

Эки «Лексустун» тең айдоочуларынын жанында документтери болгон эмес, алардын автоунаалары штрафтык токтотмого киргизилди.

Экспертизалардын жыйынтыгында үч автоунаанын тең айдоочулары соо болгону аныкталды.

Азыр автокырсыктын себептерин аныктоо боюнча тергөө жүргүзүлүп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: