Кыргызстандыктар кыймылсыз мүлкүн эми онлайн-режимде каттай алышат

Президент кыймылсыз мүлктү интернет аркылуу каттоого жол ачкан мыйзамга кол койду. Мамкаттоо жаңы онлайн-системаны жарым жылча убакыт ичинде иштеп чыгат.

Президенттик аппараттагылардын айтымында, онлайн-каттоо коррупциянын мүмкүнчүлүгүн азайтып, кыймылсыз мүлктү каттоо ишин жеңилдетет.

Онлайн-каттоо жарандар менен каттоо кызматынын өкүлдөрүнүн ортосундагы байланышты «мүмкүн болушунча азайтат».

Кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинин өкүлү Токтосун Жакшылыков Kloop.kgге курган маегинде жарым жылдан кийин мекеме каттоо системасын жана ыраатын толук иштеп чыгаарын айтты.

Жакшылыковдун айтымында, кыймылсыз мүлктү МККнын онлайн-порталы аркылуу каттаса болот. Ал үчүн өтүнмө ээсинин жана мамлекеттик орган кызматкеринин электрондук санариптик кол белгиси пайдаланылат.

«Биз паспорттор биометриялык болуп алмаштырылгандан кийин ал жакта өтүнмө ээлеринин электрондук кол белгилери болот деп турабыз», — деди Жакшылыков.


ТЕМА БОЮНЧА: