«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов жума намаз үчүн тыныгуу убактысын узартуу маселесин кайрадан көтөрдү. Ал бул тууралуу мыйзам долбоорун 2016-жылы эле сунуш кылган, бирок анда депутаттар каршы добуш беришкен.

16-февралдагы парламент жыйынында Икрамов башка депутаттарды бул мыйзам долбоорун колдоп коюш керек экенин, анткени быйыл «Ыйман жылы» болгондуктан «туура мыйзамдарды илгерилетиш керек» экенин айтып көндүрүүгө аракет кылды.

«Мечитте жаман нерсе үйрөтүлбөйт», — деди депутат. Ал жума намаздын убактысын узартуу өтүнүчү менен ага жөнөкөй жарандар кайрылганын айтат.

Мурда депутат Ирина Карамушкина аткаминерлер иш убактысында кабинетин жаап салып намазга кетишкенине нааразы болгон. Ал үчүн мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров бул депутатты мандатынан ажыратуу максатында «Фэйсбукта» кол топтой баштаган.

Кичүү Бекназаровдун пикиринде, диний жөрөлгөлөргө каршы чыккан депутат парламентте отурууга акысы жок.

2016-жылы депутаттардын көпчүлүгү да бул мыйзам долбооруна каршы чыгышкан.

Ошол кезде мурдагы муфтий Чубак Жалилов мыйзам долбооруна каршы чыккандарды «дин душмандары» деп атаган.

Ал жума намаздын убактысын узартууга каршы чыккандардын аты-жөнү «өзүнчө базада сакталышы керек» деген. Мындан тышкары, Жалилов аларга «жолукканда кол бербей тургандыгын жана жаназасына барбай тургандыгын» айткан.

Жума намаздын убактысын узартуу жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси ушул эле депутат Икрамов болчу. Ал динге ишенгендер түшкү тыныгуу убактысында диний жөрөлгөсүн аткарып алышы үчүн Эмгек кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылган.

Сүрөт: ЖК сайты

Ушундай эле мыйзам долбоорун 2010-жылы депутат Төрөбай Зулпукаров да киргизген. Ал Кыргызстанда «калктын 80 пайызы мусулмандар» болгондуктан жума намаздын убактысын узартуу зарыл экенин айткан.

Ошол эле жылы депутат Акылбек Жапаров намазга сарпталуучу убакытты депутаттар үчүн гана эки саатка узартууну сунуш кылган.

Депутаттардн көпчүлүгү ал кезде мындай демилгеге каршы чыккан. Алардын арасында Ирина Карамушкина да бар болчу.

«Албетте, көп адамдар диний милдетин аткарып жатканын түшүнөм, жума намазга барчулар бара берсин, бирок башкалардын баарын өзүнө жараша тизген болбойт, регламентте бул үчун тыныгуу жазылган эмес», — деген ал.

Мыйзам долбооруна укук коргоочулар да каршы чыгып, аны өлкөнүн дүйнөбий мүнөзүнө каршы келет деп эсептешкен.


ТЕМА БОЮНЧА:

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ