Жарандар Ак үйдүн аймагындагы намазкананын курулушуна бир нече миллион сом кеткенине жана депутаттар анда иш убагында намаз окуп жаткандыктарына нааразы болушууда.

«Настоящее время» жаңылыктар порталы укук коргоочулардын сынынан кийин коомдук талкууга айланган Ак үйдөгү намазкана тууралуу видеорепортаж даярдаган.

Жаңы намазканага 150-160 киши батат. Анда эс алууга жана даарат алууга өзүнчө жайлар каралган.

Айрым депутаттар жаңы намазканын ачылышын колдоого алышкан.

«Намаз окугандар үчүн Жогорку Кеңеште жакшы шарттарды түзүп коюшту. Бул жакшы — ишти үзгүлтүккө учуратып отурбай. Бул жумушу көп адамдар үчүн абдан ыңгайлуу. Беш мүнөт үчүн мечитке барууга туура келбейт», — деп билдирген депутат Дамир Асылбек уулу «Новая времяга» курган маегинде.

Депутат Жанар Акаев башка диндегилердин өкүлдөрү үчүн да сыйынуу бөлмөлөрүнүн зарылдыгы тууралуу билдирген. Өз кезегинде бул социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары тарабынан ага карата көптөгөн терс билдирүүлөрдү жараткан — айрым колдонуучулар Акаевди «диндин душманы» деп аташкан.

«Менин позициям парламент имаратында жеке өзүбүздүн каражатка курулган сыйынуу бөлмөсү болушу керек […] А парламент имаратындагы намазкана чет өлкөлүк инвесторлордун эсебинен курулган. Мен болгону ушул жөнүндө гана айткам. Мен намазканага каршы эмесмин. Өз иш бөлмөлөрүндө же ошол бөлмөгө барып намаз окуй беришсин», — деп билдирген Акаев «Кабарлар» порталына курган маегинде.

Жаңы намазкананын курулушу Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан каржыланып, ага 14 млн. сом жумшалган. Ал парламенттин 5-чакырылышындагы депутаттардын өтүнүчү боюнча курулган.

2011-жылы «Ар-Намыстан» депутат болуп турган Акылбек Жапаров намазкананын ачылышын колдоп, жума күндөрү депутаттар үчүн намаз окууга тыныгууларды киргизүүнү сунуштаган.

Анда аны партиялаш кесиптеши Абдырахман Маматалиев менен ошол кездеги парламенттин вице-спикери Асылбек Жээнбеков колдогон — алар намаз окуу үчүн тыныгууларды бардык мамлекеттик мекемелерге жайылтып, Эмгек кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташкан.