Караколдун борбордук жолдорун оңдогонго 32 миллион сом бөлүнөт

Караколдун мэри шаардын борбордук жолдорун оңдогонго муниципалитет 32 миллион сом бөлүп берет деп активистерге убада берди. Бул сөз жергиликтүү активистер чогулуп, жолдорду оңдоо боюнча нааразылык акциясын уюштурууга камына башташканда айтылды.

Караколдун мэри Данияр Арпачиев шаардын борбордук жолдорун оңдогонго жергиликтүү бюджеттен 32 миллион сом бөлүнөөрүн айтты.

Анын айтымында, мэрия жолдорду оңдош үчүн ушул жазда тротуарларды оңдош үчүн топтолгон акчаны колдонот.

«Башында 20 миллион сомду биз шаардын борбордук бөлүгүндөгү тротуарларга жумшамакпыз, бирок кайра ойлонуп аны кийинки жылга калтырып, быйыл болсо жолдордун башынан оңдоп бүтүрмөй болдук», —  деди Арпачиев.

Ал 32 миллион сомдун 12 миллиону Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фондунан бөлүнгөнүн белгиледи.

Караколдук активисттер мурда митингге чыгууну жана бийликтен жолдун маселесинин чечилишин талап кылууну пландашкан эле.

«Шаардагы жолдордун жана тротуарлардын өтө начар абалына байланыштуу облустук администрациянын маңдайында нааразылык акциясы өтөт. (...) Биздин жолдор 50 жылдан бери түп-тамырынан оңдолгон эмес», — деп «Фэйсбукта»  Кундуз Сырдыбаева деген активистка жазган.

Муниципалдык кызматтын жумушчулары жолдордун чуңкурларын эски асфальт менен бүтөп жатышканы тууралуу видеону Караколдун жашоочусу Фархад Расулов 8-февралда жарыялагандан кийин коомдук түйүндөрдө Караколдун жолдорун катуу талкуулана баштаган.

Анда шаардын мэри өкмөттөн жардам сурап, эски асфальттын аркасы менен бүтөлгөн жыртыктар шаардыктарга жок дегенде «15 күнгө чейин» кызмат кылып тураарын айткан.  

Каракол шаары - Ысык-Көл облусунун туристтик борбору. Туристтер жайында Ысык-Көл үчүн, ал эми кышында тоо чаңгек базасы үчүн шаарга келишет.

Видеонун автору: Фархад Расулов

Сүрөт: Сайкал Аттокурова


ТЕМА БОЮНЧА: