Башкы прокуратура Текебаевге кылмыш ишин козгоду

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаевге «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысы өкмөттөгү өз булактарына таянуу менен кабарлады.

Булактын маалыматы боюнча, кылмыш иши «Мегаком» уюк операторунун сатылышы жөнүндөгү УКМКнын материалдары менен байланыштуу.

Макала жарык көрүп жаткан учурда Kloop.kg менен «Азаттыктын» кабарчылары маалыматты тактап алуу үчүн Башкы прокуратура жана УКМК менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Текебаев «Азаттыкка» кабарлагандай, козголгон кылмыш иши жөнүндө маалыматы жок жана учурда ал Австрияда командировкада жүрөт.

Эгерде маалымат ырасталса, Текебаев «Ата Мекен» фракциясынан кылмыш иши ачылган үчүнчү оппозициялык депутат болуп калмакчы.

Башкы прокуратура 2016-жылдын декабрь айынын соңунда Аида Саляновага кылмыш ишин козгогон.

Аида Салянова.

Аны Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу үчүн кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыпташкан. Салянова 1-февралда УКМКда төрт сааттай сурак берген.

Ал сурак берип жаткан убакта мекеменин алдында 100дөй адам чогулуп, депутатты колдогон митинг өткөрүшкөн.

Дагы бир атамекенчи Алмамбет Шыкмаматовго 17-февралда, ал 2011-жылы кызматтык автомобилдерди сатып алууда «жасалма келишимдерди» түзгөн деген айып тагылган. УКМКнын материалдары боюнча ага кылмыш иши козголгон.

Алмамбет Шыкмаматов.

Шыкмаматовду УКМКга 24-февралда суракка чакырышып, ал тогуз сааттай сурак берген — бул убакытта да мекеменин алдында «саясий оппоненттерге бийликтин басымына» каршы митинг өткөн.

Учурда башкы прокуратура оппозициячыл депутаттардын туугандары салык төлөп-төлөбөгөнүн текшерүүгө алууда: Текебаев башкы прокуратуранын катынын көчүрмөсүн журналисттерге көрсөткөн.

Башкы прокуратура «Ата Мекен» партиясынын депутаттары өтүп жаткан иштин негизинде салык кызматынан 2005-2007-жылдардагы маалыматтарды сураган.

Салык кызматынын текшерүүсүнө депутаттардын ата-энеси, бир туугандары, балдары жана жубайлары болуп, жалпы 26 адам туш болгон. Тизмеде Текебаевдин жашы жете элек 2002 жана 2008-жылы төрөлгөн балдары да болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: