АФК кубогу: «Дордой» конокто жүрүп гол киргизип, топтук баскычка чыкты

«Дордой» футбол клубу экинчи тандоо айлампасынын жооп иретиндеги матчында тажиктердин «Хосилоту» менен тең чыгып, эки беттешүүнүн суммасы боюнча (2:1) топтук баскычка чыкты.

АФК кубогунун экинчи тандоо айлампасынын жооп иретиндеги матчы «Дордой» менен «Хосилоттун» ортосунда тең чыгыш менен 1:1 эсебинде аяктады.

Башкалаанын клубу тез эле гол киргизип, биринчи таймдын эң башында алдыга чыгып алды. Беттешүүнүн 7-мүнөтүндө бурчтан атаандаштын штрафтык аянтчасына «Дордойдун» жарым коргоочусу Анатолий Власичев топ тээп, Ислам Шамшиев болсо топту дарбазанын оң жагына багыттай койду — 1:0.

Бул гол ансыз деле жандуу ойноп жаткан «Дордойдун» ишеничин ого бетер арттырып, команда кайрадан «Хосилоттун» дарбазасына чабуул койгону жөнөдү. Биринчи матчтын негизги каармандары — Алишер Азизов менен Авазбек Откеев өзгөчө жигердүү ойношту.

Бирок кыргызстандыктардын далалатынан экинчи гол кирген жок жана командалар тыныгууга «Дордойдун» пайдасына 1:0 эсебинде кетишти.

Экинчи таймдын башында тажик футболчулары бир гол киргизиш өтө зарыл экенин түшүнүп, эсесин чыгарганы чуркашты. 47-мүнөтттө алар эсепти теңдеп кое жаздашты, бирок Валерий Кашуба тажиктерге гол киргиздирбей команданы сактап калды.

Таймдын калган убактысында «Хосилот» оюнду өз пайдасына чечүүгө аракет кылды. Тажикстан клубунун футболчулары башкалаа клубунун дарбазасына кайра-кайра чабуул коюп жатышты. Бирок алар кошумча убакыт ичинде гана гол киргизүүгө жетишти.

Матчтын 92-мүнөтүндө Хасан Мухаммаджони секирип келип кыргызстандыктардын дарбазасына топ тепти, бул жолу Кашуба эч кандай жардам бере алган жок — 1:1.

Кайра дагы топ киргизгенге «Хосилоттун» убактысы жетпей калды. АФК кубогунун экинчи тандоо айлампасынын жооп иретиндеги матчы Бишкектин «Дордою» менен Пархардын «Хосилотунун» ортосунда 1:1 эсебинде тең чыгыш менен аяктады.

«Хосилот» 1 – 1 «Дордой»
7’ Ислам Шамшиев («Дордой»)
92’ Хасан Мухаммаджони («Хосилот»)

Эки матчтын суммасы боюнча (2:1) жеңишке «Дордой» ээ болуп, АФК кубогунун — аброю жагынан Азиядагы экинчи клубдук турнирдин топтук баскычына жолдомо алды.

D тобунда башкалаанын клубун үч өлкөнүн чемпиондору — «Истиклол» (Тажикстан), «Алтын Асыр» (Түркмөнстан) жана былтыркы Кыргызстандын чемпионатынын жеңүүчүсү — Оштун «Алайы» күтүп турат.

Бул турнирдин расмий бөлүгүнө «Дордой» былтыр жайында квалификациялык баскыч аркылуу өтүүгө жетишкен.

Топтук баскычтын оюндары марттын ортосунда эле башталат.

Өзүнүн биринчи матчын «Дордой» 14-мартта Дүшөмбүдө «Истиклолго» каршы ойнойт. Ошол эле күнү Оштун «Алайы» өз талаасында түркмөндөрдүн «Алтын Асырын» кабыл алат.

Сүрөт: ФК «Дордой»


ТЕМА БОЮНЧА: