Атамбаев Брюсселде «Аскаров бошотулбай турганын» билдирди

Президент Алмазбек Атамбаев Брюсселде Европа мамлекеттеринин башчылары менен болгон жолугушууда өмүр бою эркинен ажыратууга кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров бошотулбай турганын билдирди.

Өмүр бою эркинен ажыратууга соттолгон кыргызстандык укук коргоочу Аскаровдун тагдырына ЕБдин чет өлкөлүк иштер боюнча өкүлү Федерика Могерини жана Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск кызыгышты.

«Азаттык» үналгысынын Брюсселдеги кабарчысы Рикард Жозвиак «Аскаровдун маселеси чечилген, ал эркиндикке чыкпайт» деген Атамбаевдин сөзүнөн үзүндү келтирди.

«Аскаров тууралуу сөз узакка созулду. Алар (Могерини менен Туск — редакция) Атамбаевди бул багытта бир нерсе кылганга көндүрүп атышты. Атамбаев кыртышы сүйбөй, бул маселе чечилгенин, Аскаров бошотулбай тургандыгын айтты», — деп билдирет кабарчы.

Андан кийин Атамбаевдин болжолдуу мураскерлери тууралуу кеп козголуп, ал боюнча кыргыз президенти быйыл жыл аягында кийинки мамлекет башчысы болуп ким шайланаарын өзү да билбей турганын айтты.

Атамбаевдин Брюсселдеги иш сапары Аскаровду бошотууну талап кылган «Amnesty International» укук коргоо уюмунун активисттеринин пикети менен коштолду. Алар Атамбаевдин автоунаалары өтүп кеткиче укук коргоочуну колдогон маанидеги плакаттарды көтөрүп жол боюнда турушту.

«Amnesty» Аскаровдун иши анын укук коргоочулук кызматына байланыштуу «саясий жактан негизделген» деп эсептейт — укук коргоочу өз ишмердүүлүгүндө Кыргызстандын түштүгүндөгү милициянын зомбулугу менен күрөшүп келген.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровду колдогон эл аралык «Amnesty International» уюмунун активисттеринин пикети.

«Аскаровго каршы айыптоо бурмаланган жана саясий жактан негизделген, ал — жалаң адам укуктары жаатындагы ишмердүүлүгү үчүн түрмөгө камалган абийир туткуну», — деп жазат «Amnesty».

Аскаровдун иши

2011-жылы Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыккан. Ал Кыргызстандын түштүгүндө 2010-жылдын июнунда болгон улут аралык кагылышуу учурунда милиция кызматкерин өлтүргөн деп айыпталууда.

Укук коргоочу өзү киши өлтүрбөгөнүн айтып келатат.

Аскаровго каршы далилдердин баары маркумдун мурдагы кесиптештеринин көрсөтмөлөрүнө негизделүүдө. Көрсөтмө берген милиция кызматкерлеринин айрымдары боюнча укук коргоочу кыйноого байланышкан иликтөөлөрдү жүргүзгөн.

Аскаровдун коргоочулары иш мыйзам бузуу менен жүргүзүлгөнүн — укук коргоочу кыйноого алынганын, киши өлтүрүү боюнча далилдер келтирилбегенин айтып келишкен.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы укук коргоочунун ишин кайра карап чыгууга жана аны камактан бошотууга кеңеш берген. Кеңеш жарым-жартылай аткарылган, бирок Чүй облустук соту аны өмүр бою эркинен ажыратуу жөнүндө чечимди күчүндө калтырган.

Мурда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хуссейн укук коргоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу Чүй облустук сотунун чыгарган чечими «БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине таптакыр карама-каршы келээрин» билдирген.

Евробиримдиктин өкүлдөрү «демократияга жакындыгы» менен белгилүү болгон Кыргызстандан адилет сотту жана Аскаровдун кыйноого алынышы тууралуу далилдердин так иликтенишин күтүп жатышканын айтышкан.

Сүрөт: Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск


ТЕМА БОЮНЧА: