«Азия Микс» командасынын капитаны КВНдин премьер-лигасынын калыстар тобуна мүчө болду

«Азия Микс» командасынын капитаны Элдияр Кененсаров КВНдин премьер-лигасынын калыстар тобуна мүчө болду. Эми Шайырлар жана тапкычтар клубунун мурдагы катышуучусу оюндун «башка тарабында» болмокчу.

Кененсаров 28-январда Премьер-лиганын 1/8 бөлүгүндө өзүн калыстар тобунун мүчөсү катары сынап көрдү.

«Менин премьер-лига менен байланышым өзүнчө бир чоң жана узак окуя — 2004, 2006 жана 2007-жыл… Эми мен оюндун башка тарабындамын», — деди Кененсаров.

Эми ал КВНдин премьер-лигасынын мааракелик чыгарылышына калыстык кылат.

Кененсаровдон тышкары калыстар тобунун курамына башка командалардын да катышуучулары менен капитандары —  «“Ай жарыгы” детектив агенттиги» командасынын капитаны Филипп Воронин, «Мурманск шаарынын курама командасынын» катышуучусу Герман Иванов жана «Жаман компания» командасынын катышуучусу Валерий Равдин кирди.

2016-жылдын декабрынын аягында Кененсаров баштаган «Азия Микс» командасы Шайырлар жана тапкычтар клубунун Жогорку лигасында утуп чыккан биринчи борбор азиялык команда болгон.

Анда «Азия Микс» КВНден сыйлык катары 700 миң рубль алган. Андан тышкары, Кыргызстандын өкмөтү командага кызыктыруучу сыйлык иретинде 300 миң сом бөлүп берген.


ТЕМА БОЮНЧА: