Аймактарда оппозициянын митингдери уланууда. Бишкектегилер аба ырайынын айынан митингге чыкпай турушат

Эки айга камакка алынган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлери аймактарда аларды боштондукка чыгарууну талап кылып нааразылык акцияларын улантышууда. Башкалаада митинг аба ырайынын айынан токтотулду, ал 6-мартта улантылат.

«Ата Мекен» партиясынын катчылыгы Kloop.kgге билдиргендей, оппозициянын башчысы депутат Өмүрбек Текебаев туулган Жалал-Абад облусунун Акман айылында 100дөн ашык киши нааразылык акциясын улантып, камакка алынган саясатчыны боштондукка чыгарууну талап кылышууда. Митингчилер Бишкек-Ош трассасынын боюна боз үй тигишкен.

Ош облусунун Алайкуу айылында — Дүйшөнкул Чотоновдун кичи мекенинде да — жүздөй жаран мурдагы аткаминерди бошотууну талап кылып чогулду.

«Ата-Мекен» фракциясынын катчылыгынын башчысы Екатерина Урумканова митингдер аймактарда тыным албастан дем алыш бою жүрөөрүн кабарлады.

Бишкеке да оппозициянын митинги аба ырайынын начардыгынан улам токтотулган жана 6-мартта кайра башталат. Нааразылык билдиргендер УКМК имаратынын жанында же Ала-Тоо аянтында чогулууну пландашууда.

Оппозициянын митингдери

Текебаевдин тарапкерлеринин митингдери оппозициячы 26-февралга караган түнү кызмат сапарынан кайтып келатып «Манас» аба майданында кармалгандан кийин башталган. Чотонов да 26-февралда кармалган.

Ошого бир күн калганда ишкер жана Орусиянын Мамлекеттик думасынын мурдагы депутаты Леонид Маевскийдин арызынан улам Текебаевге каршы «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ишкер 2010-жылы Текебаевдин өзүнө ал «Мегаком» компаниясын башкарууга жеткилик алып бериши үчүн бир миллион доллар бергенин айтууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Чотонов бул иште ортомчу болгон.

Оппозициячы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилгенден кийин Текебаевдин колдогондордун тынч митингине миңге жакын киши чогултушкан.

Оппозиция Текебаевдин камакка алынышын «саясий куугунтук» деп атап, депутат коё берилмейинче мөнөтсүз митинг өткөрө берээрин жарыялаган.

Оппозициянын митингдерине карабастан, Биринчи май райондук соту Текебаев менен Чотоновду эки айга камакка алган. Азыр оппозициячы УКМКнын ТИЗОсунда отурат.

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келгенде басма сөз жыйынында сүйлөп жатып Текебаевдин иши «саясий куугунтук» эмес экенин айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: