«Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин кармалышы. Эмне белгилүү?

Кыргыз оппозициясынын лидерлеринин бири, депутат Өмүрбек Текебаев 26-февралда эртең менен учуп келээри менен «Манас» аэропортунда кармалды. Буга чейин ага «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, оппозицияны муну саясий басмырлоо деп атаган.

«Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев «Манас» аэропортунда кармалып, аны УКМКга алып кетишкен. Эртең менен УКМКнын алдында оппозициячынын тарапташтары чогулуп, тынчтык митингин өткөрүшкөн. Саясатчынын адвокаттары бир нече саат мекемеге кире албай күтүп турушкан. Депутаттар жана Текебаевдин тарапташтары УКМКнын жанында бүгүн саат бирде митинг өткөрүүнү пландап жатышат.

Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалган, ошондой эле 26-февралда Леонид Маевскийдин иши боюнча дагы бир фигурант Дүйшөнбек Чотонов да кармалган.

«Ата Мекендин» депутаттары Текебаевди колдоп чыгышты

Эртең мененки митингден кийин «Ата Мекен» партиясынын депутаттары «Сентябрь» телеканалынын студиясында сүйлөштү. Алар адамдарды Өмүрбек Текебаевди колдоого чакырышты. Депутаттар сүйлөгөндөн кийин аталган телеканалдын берүүлөрүн өлкө боюнча өчүрүп коюшту.

Депутат Асия Сасыкбаева айтып бергендей, УКМК Текебаевге каршы болгон адамдарды издеп жатат. Ал козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугу күмөн жаратып жатканын айтат.

Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча депутат Алмамбет Шыкмаматов да комментарий берди. Буга чейин ага каршы кылмыш иши козголуп, 2011-жылы кызматтык автомобилдерди сатып алууда «жасалма келишимдерди» түзгөн деген айып тагылган.

Депутат Каныбек Иманалиев Текебаевдин кармалышын мыйзамсыз деп атап, Роза Отубаевага кайрылды. Иманалиев Кыргызстандын мурдагы президенти Отунбаеваны УКМКнын алдында 26-февралда саат бирде өтө турган Текебаевди колдогон митингге катышуусун өтүнгөн.