«Ата Мекен» кемсинткен сөздөрү үчүн Атамбаевди сотко берди

«Ата Мекен» партиясы президент Алмазбек Атамбаевге каршы сотко доо арыз берди. Партия өкүлдөрү президенттин сөздөрүн ар-намыска доо кетирет деп баалашты — ал партияны «сасык», ал эми «Ата Мекендин» башчысын «мародёр» деп атаган.

«Ата Мекен» партиясынын өкүлү Таалайгүл Токтакунова Kloop.kgге юристтер Атамбаевге каршы доо арыз даярдап, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна беришкенин билдирди.

«Арыз 10 пункттан турат, анда биз “Ата Мекен” партиясынын да, анын башчысынын да ар-намысына доо кетире турган сөздөрдү санап бердик», — деди ал.

Токтакунованын айтымында, алар президенттин кечирим сурашын талап кылышат. Азырынча доо арызда моралдык чыгымдын суммасы көрсөтүлгөн эмес.

«Мен биздин партиянын жана башчыбыздын намысы сатылбайт деп эсептейм. Материалдык жактан алганда ал бааланып же сатылышы мүмкүн эмес», — деди ал.

Токтакунова бийликти нааразылык акциялары тууралуу кабардар кылыш үчүн партия мэрияга кайрылганын да билдирди. Текебаевди колдогон митингдер 8-мартта башталат.

Атамбаев 6-мартта бир катар кыргызстандкытарга маданияттагы жетишкендиктери үчүн сыйлык тапшыруу учурунда сөз сүйлөдү. Сөзүнүн арасында ал өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу оюн айтты.

Президент «Ата Мекен» партиясын «сасык», анын башчысы, камакка алынган Өмүрбек Текебаевди «мародёр» деп атаган.

«“Атамбаев Ата-Мекенден колуңду тарт” деген лозунг көтөрүп алышыптыр митингде. Эй, биздин Ата-Мекенибиз — Кыргызстан. Ошол 7-апрелде курман болгон жигиттер сасыган партияңар үчүн өмүрүн берди дейсиңерби? Ата-Мекенибиз үчүн берди!», — деп билдирген Атамбаев.

Президент партияны жана анын башчысын өзү Текебаев менен тирешип турган шартта сынга алды. Ал тирешүү «Ата Мекендин» башчысы жана 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү Атамбаев жана анын администрациясы Конституцияга сунуш кылган түзөтүүлөргө каршы чыгышканда башталган. Түзөтүүлөр 2016-жылдын 11-декабрында референдумда кабыл алынган.

Текебаев Атамбаевдин мүлкү тууралуу маалыматты иликтеп, жарыкка чыгара баштаган. Атап айтканда, ал Атамбаевдин Кой-Таш айылында салып жаткан үйү тууралуу айтып берген. Анын сөзү боюнча, Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов кызмат алыш үчүн аялы аркылуу Атамбаевге 2,7 гектар жерди тартуу кылган.

Прокуратура ал кезде Текебаевдин сөздөрүн текшерип чыгып, бүтүм мыйзамдуу болгон деген жыйынтыкка келген.

Кийинчерээк Текебаев Атамбаевдин жашыруун мүлкү жана президенттин Кипрдеги ишкерлик кызыкчылыктары тууралуу маалымат тапканын билдирген, бирок ал маалыматты ачыкка чыгарганга азырынча жетишкен жок.

Текебаев ошондой эле марттын башында импичмент жарыялоо жараянын баштоону пландаган болчу.

Оппозициячы кызмат сапарынан кайтып келатканда «Манас» аба майданында 26-февралда кармалган. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилген.

Андан бир күн мурун орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынан улам депутатка каршы «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маевский 2010-жылы Текебаевдин өзүнө ал «Мегаком» компаниясын башкарууга жеткилик алып бериши үчүн бир миллион доллар пара бергенин айткан.

Текебаевдин тарапкерлери дароо эле УКМКнын алдында митингге чыгып, анын бошотулушун талап кылышкан. Бирок митингдерге карабастан, Биринчи май райондук соту Текебаевди эки айга камакка алган. Азыр оппозициячы УКМКнын ТИЗОсунда отурат.


ТЕМА БОЮНЧА: