ИИМ: Сот Кадыр Маликовду сабады деп айыпталган экинчи кишини тергөө бүткүчө камакка алды

Дин таануучу Кадыр Маликовду сабады деп айыпталган экинчи киши Түркиядан Кыргызстанга жеткирилди. Ал тергөө бүткүчө камакка алынды.

Ички иштер министрлиги Маликовдун сабалышы боюнча экинчи айыпталуучу Ырыскул Бейшеналиев Түркиядан Кыргызстанга 4-мартта жеткирилгенин билдирди. Азыр ал тергөө бүткүчө камакта болот.

ИИМдин маалыматы боюнча, биринчи айыпталуучу Алибек Тилек уулу Кыргызстанга Түркиядан 2016-жылдын 20-мартында, Маликов токмоктолгондон төрт айдан кийин жеткирилген.

Бишкек шаардык соту аны 20 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган, азыр ал Кыргызстандын түрмөлөрүнүн биринде жазасын өтөп жатат.

Бейшеналиев менен Тилек уулу Маликовду 2015-жылдын 26-ноябрында сабап кетишкен. Алар анын мойнуна бычак сайышып, электрошокер колдонууга аракет кылышкан. Маликов качып кетүүгө үлгүрүп, андан кийин шаардык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Кол салуу фактысы боюнча милиция «Ээнбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, кийин ал «Коомдук ишмердин өмүрүнө кол салуу» беренесине кайра квалификацияланган.

ИИМдин маалыматы боюнча, токмоктоодон кийин айыпталуучулар кыргыз-казак чек арасынан өтүп, кийин Түркияга учушкан. Алар Сирияга жетип алып куралдуу кагылышууга катышууну ниет кылышкан.

Милиция айыпталуучуларга эл аралык издөө жарыялаган. Алар кылмыш боюнча сыртынан айыпталып, сот аларды камакка алууга өкүм чыгарган.

Түркиянын укук коргоо органдары аларды 2015-жылдын 29-ноябрында Түркиянын Газиантеп шаарында Сириянын чек арасынан өткөнү жаткан жеринен колго түшүрүшкөн.

Маликов өзү да, кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да дин таануучуга «Ислам мамлекети» террорчул уюмунун өкүлдөрү кол салышканын билдиришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: