26-ноябрдагы Кадыр Маликовго кол салуу «Ислам мамлекетинин» аны жок кылуу аракети болгон — мындай версияны дин таануучунун өзү карманууда. Бул тууралуу ал туугандарынан берип жиберген аудиожазуу аркылуу билдирди.

Көз карандысыз «Дин, укук жана саясат» аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов журналисттерге аудиожазуу таратып, анда 26-ноябрь күнү кечиндеги кол салуу террористтик «Ислам мамлекетинин» аны жок кылуу аракети болгонун билдирген.

Ал аны өлтүрүү аракеттеринин себеби катары өзүнүн профессионалдык ишмердүүлүгүн атоодо — дин таануучу буга чейин «Ислам мамлекетинин» Кыргызстан үчүн коркунучтары тууралуу бир нече жолу билдирүүлөрдү жасап келген.

«Ошондой эле буга чейин менде «Ислам мамлекетине» таандык террористтик топтор тарабынан ушул жылдын жайында мени жок кылуу жөнүндө Ракка шаарында [«Ислам мамлекетинин» борбору] чечим кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат бар болчу», — деп билдирген ал аудиожазууда.

Дин таануучунун тууганы Тимур Элебесов Маликов жардам сурап өлкө жетекчилигине «бир нече жолу» кайрылганын айтты.

«Газ тапанчасын алып жүрүшүнө уруксат бергенден башка ага эч кандай жардам көрсөтүшкөн жок. Жансакчы болгон эмес, анан албетте эч кандай корголгон эмес. Ал эми тапанчаны колдонууга ал жетишрей калган», — деди Элебесов.

Милициянын версиясы боюнча, Маликовго кол салуу белгисиз адамдардын унаа менен анын транспорт каражатынын жолуп тосуп алгандыгына байланыштуу чыккан айтышуудан улам болгон.

«[Айтышуу] мушташка чейин жеткен. Анын жүрүшүндө белгисиз адамдар аны бет тушка сайышкан», — деп жазылган милициянын билдирүүсүндө.

Ички иштер министрлиги 27-ноябрь күнү эртең менен дин таануучуга кол салуу фактысы боюнча «бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кадыр Маликов өзүнүн аудиокайрылуусунда окуянын башка версиясын билдирген — айтымында, кол салгандар аны унаасынын жолун тороп токтотулган өз унааларына «күчтөп отургузушкан».

Андан соң алар Маликовго карата элетрошокер колдонууга (бирок анын күчү үстүндөгү курткадан өткөн эмес) жана бычак менен моюн жагына саюуга аракет кылышкан. Бирок ал унаадан чыгып, канжалаган бойдон качып кете алган.

Элебесов Маликовдун бул айткандарына кошумчалап, андан соң анын артынан бир аз аңдып жүргөндүктөрүн, бирок дин таануучу адамдар көп болгон кичи базарга качып кете алгандыгын кошумчалады.

Кадыр Маликовго кол салуу 26-ноябрь күнү кечинде Бишкектин түштүгүндө, «Асанбай» кичи районундагы «Народный» дүкөнүнүн алдында болгон. Андан кийин ал Бишкектин №4 шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Маликов Кыргызстанда исламды изилдөө менен алектенген дин таануучу.

Ал 27-ноябрда өлкөдөгү экстремизмге каршы аракеттерди көрүү боюнча маалымат жыйынын өткөрүшү керек болчу. Ошондой эле ал «Ислам мамлекетинин» Кыргызстанга карата коркунучу тууралуу бир нече жолу билдирүүлөрдү жасаган.

Андан сырткары Маликов бачабаздык үчүн өлүм жазасынын киргизилиши боюнча өткөн акцияларга дайыма катышып келген. Ал «гейлерге каршы» жана «чет элдик тыңчы» мыйзам долбоорлорун колдойт.

Авторлор: Александра Капушенко, Айдана Канатбек кызы
Сүрөт менен аудиожазуу Маликовдун туугандары тарабынан берилди.