Кыргызстандык спортчу жиу-житсу боюнча АКШдагы эл аралык турнирди утуп алды

Кыргызстандык спортчу Абдурахманхажы Муртазалиев АКШда бразилиялык жиу-житсу боюнча эл аралык турнирдин алтын медалын утуп алды.

Биринчи таймашта Муртазалиевди бразилиялык спортчу менен беттешүү күтүп турган. Кыргызстандык спортчу упайлардын айырмасынан улам жеңишти атаандашынан тартып алды. Жарым финалда Муртазалиев америкалык балбан менен беттешип, аны бутун оорутуучу ыкма менен жеңип чыкты.

Финалдык таймашта Кошмо Штаттардын дагы бир өкүлүнө каршы чыгып Муртазалиев эсеп боюнча ишенимдүү алдыга озуп чыкты. Беттешүүнүн аягында кыргызстандык өз атаандашына каршы муунткан ыкманы колдонуп, таймашты мөөнөтүнөн мурда утуп алды.

Бразилиялык жиу-житсу (Brazilian Jiu Jitsu Pride Championship) боюнча таймаш АКШда 5-мартта болду. Муртазалиев 86 кг чейинки салмак категориясында чыкты.

Бул анын АКШдагы эл аралык турнирлерден алган бешинчи алтын медалы.

Февралда кыргызстандык балбан «New York National Pro» эл аралык турниринин абсолюттук салмак категориясында дүйнө чемпионатына жолдомо утуп алган.

Бразилиялык жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионаты Бириккен Араб Эмираттарында быйылкы жылдын 14-16-апрелинде өткөрүлөт.

Бразилиялык жиу-житсу — позициялык күрөш, анын негизги максаты — ыңгайлуу абалга чыгып, оорутуучу же муунтуучу ыкма колдонуу менен атаандашын багынууга мажбур кылуу. Күрөштүн башка түрлөрүнөн айырмаланып, жиу-житсуда атаандаштардын каруу күчү эмес, эптүүлүгү чечүүчү роль ойнойт.

Сүрөт: «АКИпресс»


ТЕМА БОЮНЧА: