КСДП укук коргоочу Рита Карасартованы жана 24.kg маалымат агенттигин сотко берди [жаңыртылды]

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы (КСДП) ар-намысты коргоо тууралуу берене боюнча укук коргоочу Рита Карасартованы жана 24.kg маалымат агенттигин сотко берди.

Кабар 17:47де жаңыртылды.

Доого 24.kg маалымат агенттигинде жарык көргөн «Регионы показали зубы партии власти (Аймактар бийлик партиясына азуусун көрсөтүштү)» аттуу макалага укук коргоочунун жазган комментарийи себеп болду. Партиянын юристи партия баалаган материалдык зыяндын суммасын айтуудан баш тартты.

«Сотко бере беришсин», — деди 24.kg маалымат агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева.

Сотко чакыруу.

Мурда Карасартова Kloop.kgге доонун так себеби ага белгисиз экенин айткан. Ал маектеринин биринде мэрлерди шайлоо президентти колдогон партиянын коррупцияга батканынан улам кургуйга кулап жатканын айтканы доого себеп болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

«Көп шаарларда мэр шайлоо өтпөй калды. Маекте мен КСДП өз талапкерлерин түртүп жатканын айткам. Эгерде КСДП коррупциялашпаган депутаттарды сунуш кылса, алар колдоого алынмак. […] КСДПнын дарегине башка эч кандай доомат деле койгон эмес элем. Балким кызууланып кетип айтып алышым мүмкүн», — деди ал.

Карасартова соттун биринчи отуруму 10-мартта өтмөк болгонун, бирок ал ага бара албагандыктан жыйын кийинкиге калтырылганын кошумчалады.

Партиянын юристи Таалайбек Усубалиев КСДП Карасартованы жана 24.kg маалымат агенттигин ар-намысты жана моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча сотко бергенин айтты.

Усубалиев доого Карасартованын «Аймактар бийлик партиясына азуусун көрсөтүштү» деген материалга жазган комментарийи себеп болгонун билдирди. Укук коргоочу КСДП тууралуу ал жерде мындай жазган: «Алар саясатты оюн кылып алышты, кызмат орундарын оңго-солго сатып жатышат».

Карасартова соттун биринчи отуруму 10-мартта өтмөк болгонун, бирок ал ага бара албагандыктан жыйын кийинкиге калтырылганын кошумчалады.

КСДПнын катчылыгы азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Укук коргоочу Баш мыйзамга өзгөртүүлөр боюнча парламентти сотко берди

Укук коргоочу Рита Карасартова — азыркы бийликти сындап жүргөн көрүнүктүү адамдардын бири.

Ал президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылган конституциялык реформаны сынга алып, Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр үчүн парламентти сотко берген.

Референдумдун алдында Карасартова түзөтүүлөргө каршы үгүт тобун жетектеген. Ал ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынан өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыктарын жокко чыгарууну да талап кылган.


ТЕМА БОЮНЧА: