Депутаттар сыналгы ЖМКларында чет өлкөлүктөрдүн катышуусун чектөөнү экинчи окууда колдошту

Парламент өкүлдөрү «ЖМК жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү экинчи окууда колдошту, аларга ылайык чет өлкөлүк тараптар Кыргызстандагы сыналгы компанияларынын акцияларынын 35 пайызынан ашыгына ээлик кыла алышпайт. Чектөөлөр гезиттер менен үналгыга тиешеси болбойт.

Түзөтүүлөр үчүн 101 депутат добуш берип, 6 киши каршы чыкты.

Өзгөртүүлөр боюнча чет өлкөлүк тараптар сыналгы ЖМКларынын акцияларынын 35 пайызынан ашыгына ээлик кыла алышпайт. Бул ченем гезиттер менен үналгыга тиешеси болбойт.

Мыйзам долбооруна ылайык ЖМК белгисиз булактардан акча же дагы башка бир мүлк алышына тыюу салынат.

Түзөтүүлөр кабыл алынса уставдык капиталында 35 пайыздан ашык чет өлкөлүк үлүшү болгон сыналгы компаниялары түзөтүүлөр киргенден тартып үч жыл ичинде кайрадан катталып, чет өлкөлүк түзүүчүнүн үлүшүн азайтууга милдеттүү болушат. Болбосо алар соттун чечими менен жабылат.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде мындай чектөөлөр мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын коргош үчүн зарыл экени жазылган.

«Азыр “ЖМК жөнүндө” мыйзамда чет өлкөлүк түзүүчүлөр үчүн чектөөлөр каралган эмес, бирок башка кайсы мамлекет болбосун мамлекеттин эгемендигин жана коопсуздугун коргоо максатында жок дегенде минималдуу чектөө коет», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — КСДП фракциясынын депутаттары Кожобек Рыспаев менен Искендер Матраимов, «Республика — Ата-Журттун» депутаттары Таабылды Тиллаев менен Жыргалбек Турускулов.

Сүрөт: Flickr, Joe Goldberg


ТЕМА БОЮНЧА: