Кыргызстандагы Орусия элчилигинин автоунаасынын жол кырсыгы. Сот Орусияда болот

Февралдын ортосунда орусиялык дипломаттын катышуусу менен Кыргызстанда болгон жол кырсыгынын жагдайлары Орусияда иликтенип жатат. Тергөө бүткөн соң иштин бардык материалдары сотко өткөрүлүп берилет. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин автоунаасы чоң ылдамдыкта келе жатып кызыл жарыктан өтүп барып жүк ташуучу «Мерседес Бенц Спринтер» автоунаасын сүзүп алган. Жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу Евгений Лескин алган жаракатынан ооруканада көз жумган.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тергөө бүткөн соң жол кырсыгы боюнча иш сотко өткөрүлүп, ал жерде күнөөкөрлөрдү жазалоо боюнча чечим чыгаарын кабарлады.

Азыр каза тапкан кыргызстандыктын туугандарына компенсация төлөтүү маселеси чечилип жатат.

Курман болгон айдоочунун жесири Нелля Лексина «Заноза» басылмасы менен болгон маекте элчиликтин өкүлдөрү менен компенсациянын өлчөмү тууралуу сүйлөшкөнүн айтты.

Анын сөзү боюнча, ал 100 миң доллар жөнүндө кеп кылганда тигилердин ачуусу келген.

«Алар мага 20-22 миң долларлык компенсация төлөп берүүнү ойлоп жүрүшкөнүн билдиришти. Андан тышкары, сөөк коюуга кеткен бардык чыгымдарды жаап, күйөөм иштеген заводдун чыгашасын төлөп берүүгө даяр экенин айтышты», — деди ал.

Кыргызстандын жараны каза тапкан, орусиялык дипломат катышкан жол кырсыгы 16-февралда болгон. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин «Тойота Прадо» автоунаасы кызыл жарыкка карабастан чоң ылдамдыкта барып жүк ташуучу «Мерседес Бенц Спринтер» автоунаасын сүзгөн.

Жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу Евгений Лексин көптөгөн жаракат алып ооруканада көз жумган. «Тойотанын» рулунда элчиликтин биринчи катчысы Виктор Пухов отурган.

Элчиликтин автоунаасында Кыргызстандагы «Роснефть» компаниясынын директорунун орун басары Игорь Рясный да бар болчу.

Окуя боюнча Бишкектин милициясы кылмыш ишин козгогон.

Кийинчерээк Пухов менен Рясный Кыргызстандан чыгып кетишкени маалым болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: