Активисттер сөз эркиндигине жана оппозицияга кысым көрсөтүүгө каршы форум өткөрүшөт

Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоо комитети 23-мартта Бишкекте бийликтин ЖМКга жана оппозицияга кысым көрсөтүшүнө каршы форум өтөөрүн билдирди.

Форумдун уюштуруучуларынын бири, жарандык активист жана оппозициячы Адил Турдукулов Kloop.kgге «Эркиндик форуму» «Ак-Кеме» мейманканасында 15:00дө болоорун кабарлады. Анын айтымында, форумда эркин басылмалардын укуктары жана оппозицияга көрсөтүлгөн кысым талкууланат.

«Азыр биздин сөз эркиндигибиз эле эмес, тынч чогулуштарга, митингдерге, жүрүштөргө болгон укуктарыбыз да тебеленип жатат. Биз укук коргоо органдары азыр оппозицияга кысым көрсөтүүнүн ресурсу болуп баратканына көңүл бургубуз келет», — деди ал.

Анын айтымында, форумга каалагандар келип катыша берсе болот, анткени бул ачык иш-чара.

Активист 18-мартта өткөн сөз эркиндиги үчүн жүрүштүн камакка алынган катышуучулары 23-мартта гана бошотулаарын да кошумчалады.

Кармоо жана камакка алуу

Жүрүштүн жети катышучусу Бишкектин көчөлөрүндө кетип бараткан жеринен кармалган. Бишкек милициясынын версиясы боюнча жүрүштүн катышуучулары Бөкөнбаев жана Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөлөрүнүн кесилишинде жолду жапмакчы болуп мыйзам бузушкан. Кармалгандардын экөө — депутат Каныбек Иманалиев жана ВВСнин журналисти Абдыбек Казиев — көп өтпөй кое берилген.

Активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Азамат Аттокуров, Расул Умбеталиев жана Мухитдин Алымсеитов беш суткага камакка алынып, Бишкек ШИИБнин кабылдап-бөлүштүргүчүнө беш суткага жайгаштырылды.

Кармалгандардын адвокаттары апелляциялык арыз берүүгө аракет кылышкан, бирок ал дем алыш күндөрдөн улам каралбай калды.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү кармалгандар отурган кабылдап-бөлүштүргүчкө барып келип, алардын кармалган шарты өтө начар экенин айтышты — алардын төшөк шейшеби жок, камерада киши көп, бир эле ачык даараткана бар.

Соттун чечимин дүйнөдөгү эң ири укук коргоочу уюмдардын бири «Эл аралык мунапыс» сындап чыкты. Ал Кыргызстандын бийлигин кармалгандарды токтоосуз кое берүүгө чакырды.

Уюмдун укук коргоочуларынын пикиринде, жүрүштүн катышуучуларын камоо боюнча соттук чечим эл аралык эрежелерге туура келбейт, анткени милиция кармалгандардын кызыкчылыктарын коргош үчүн адвокаттарга сотто сөз берген эмес.

Сөз эркиндиги үчүн жүрүш

Жүрүш президент Алмазбек Атамбаев эркин ЖМКларга айткан сын пикири күчөп кеткендиктен сөз эркиндиги үчүн өткөрүлгөн.

Жүрүштүн катышуучулары Башкы прокуратура президенттин ар-намысын жана президентти колдогон КСДП партиясынын «ишкердик аброюн» коргош үчүн «Азаттыкка», «Занозага» жана 24.kgге каршы берген миллиондогон доо арыздарга байланыштуу бул үч маалымат каражаты менен тилектештигин билдиришкен.

Жүрүштүн катышуучулары Түштүк дарбазадагы Жеңиш багынан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басып келишкен. Жүрүшкө 100дөн ашуун киши — коомдук ишмерлер, саясатчылар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышкан.

Сүрөт архивдик


ТЕМА БОЮНЧА: