Мурдагы депутат Жапаров тергөө бүткүчө ТИЗОдо болот

Сот мурдагы депутат Садыр Жапаровду тергөө бүткүчө камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Кыргызстандын бийлиги аны Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди 2013-жылы туткунга алуу иши боюнча айыптап жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлагандай, Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жапаров ТИЗО-1де (тергөө изоляторунда) тергөө бүткүчө болот.

УКМКнын тергөөчүлөрү ага бир нече беренелер боюнча айып коюп жатат — «Өлтүрүү менен коркутуу», «Туткунга алуу», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу».

Тергөөгө ылайык, Жапаров Караколдо 2013-жылы «Кумтөрдү» улутташтырыш үчүн өткөрүлгөн митингди «каржылаган». Атайын кызматтын белгилешинче, Жапаровдун көрсөтмөсү менен митингчилер ошол учурдагы Ысык-Көл облусунуну губернатору Эмилбек Каптагаевди туткунга алышкан.

Милиция Садыр Жапаровду колдогондордун митингин кууп таратты

Кыргызстандын бийлиги Жапаровду 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан өтөөрү менен кармап, УКМКга алып барышкан. Саясатчынын 500дөй тарапташы УКМКнын алдында анын бошотулушун жана бийликтин оппозицияга басым жасоосун токтотушун талап кылып митинг өткөрүшкөн.

Жапаров сурактан чыкпаган соң саат 16:30да митингчилер менен милициянын ортосунда тирешүү болгон. Демонстранттар милиционерлерге таш жана пластик бөтөлкөлөрдү атып, тосмону бузуп киришкен.

ИИМ: Жапаровдун 60тан ашык тарапташы бир канча күн камакта калат

Буга жооп иретинде укук коргоо органдары түтөмө гранаталарды колдонуп, абага бир нече эскертүүчү ок чыгарган. Андан соң демонстранттарды кармоо башталган.

Милиция жалпы 105 адамды кармап, алардын ичинен 64үн 2 күндөн 5 күнгө чейин камакта калтырган, 12сине штраф салып, калгандарын коё берген.