Оппозициячыл депутат Шыкмаматов «Коррупция» боюнча айыпталууда, ал эч кайда кетпей тургандыгы жөнүндө тил кат жазып берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет парламенттеги оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго «Коррупция» беренеси боюнча айып койду. Шыкмаматов эч жакка кетпей тургандыгы жөнүндө тил кат жазып берди.

«Коррупция» жана «жасалма документтерди» даярдоо тууралуу иш боюнча расмий айып коюлгандан кийин Шыкмаматов кармалган жок. Ал эч жакка кетпей тургандыгы жөнүндө тил кат жазып берди.

УКМКнын тергөөчүлөрүнүн версиясы боюнча, Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасы үчүн кызматтык автоунааларды сатып алууга көз салган тендердик комиссиянын курамында болгон. Ал тендердик комиссиянын төрагасы жана «Барат Люкс» жеке фирмасынын директору менен сүйлөшүп алган.

Тергөөчүлөрдүн пикиринде алар күн мурунтан сүйлөшүлгөн «Барат Люкс» компаниясы тарабынан жеке адамдардан «Мерседес-Бенц» маркасындагы беш автоунаа сатып алынганы тууралуу жасалма келишимдерди түзүшкөн.

Андан соң, тергөөнүн пикири боюнча, тендер өткөрүлгөнү тууралуу жасалма документтер түзүлүп, ал жакта эң арзан баанын эсебинен «Барат Люкс» компаниясы утуп чыккан.

«Тендер комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы алдын-ала сүйлөшүлгөн сөз боюнча сатып алуу келишими жасалма документтерди түзүү аркылуу түзүлгөн. Иш жүзүндө Эсептөө палатасынын аудиторлору автоунааларды өздөрү таап, тандап алышкан», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Тергөөчүлөр ошондой эле Шыкмаматов тендердик өтүнмөгө өз аялынын автоунаасын киргизип, аны 14500 долларга саткан деп эсептешет. Бирок, экспертизанын корутундусуна ылайык, автоунаанын чыныгы баасы 10 миң долларга жакын болгон.

Депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова Kloop.kgге «жасалма документтерди» түзүү жана «Коррупция» боюнча айыптоону негизсиз деп эсептей тургандыгын айтты. Ал ошондой эле Шыкмаматовго карата баш коргоо чарасы мыйзамсыз тандалып алынганын билдирди.

«Айып мыйзамсыз коюлган, иштин алкагында аны коррупция боюнча айыптап жатышат, топтолгон документтерде болсо анын колу жок. Алар кол койгондорго эмес, кол койбогон менин кардарыма айып коюп жатышат. Биз күнөөнү моюнга албай турганыбызды билдирдик жана билдирүүнүн өтүнүч катын сотто көрсөтөбүз», — деди ал.

Шыкмаматов өзү комментарий берүүдөн баш тартты.

«Атамекенчилерге» каршы кылмыш иштери

Алмамбет Шыкмаматов — акыркы жылдары президент Алмазбек Атамбаевди сындап жүргөн «Ата Мекен» фракциясындагы оппозициячыл үч саясатчынын бири.

«Ата Мекен» партиясынын депутаты Аида Салянова да «кызматтык ыйгарым укуктарын ашыра пайдалануу» жөнүндө иш боюнча эч жакка кетпей тургандыгы тууралуу тил кат жазып берген.

«Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев камакка алынып, УКМКнын ТИЗОсунда отурат. Ал «коррупция» жана «алдамчылык» боюнча айыпталууда.

Атайын кызмат өкүлдөрү Текебаев, Шыкмаматов жана Салянова үчөөнүн тең «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатууга кызыкчылыгы болгон деп шек санайт.

Башкы прокуратуранын оппозициячыл саясатчыларга мындай кызыгуусу бул үчөө президент Конституцияга киргизүүнү сунуш кылган түзөтүүлөргө каршы чыккандан кийин келип чыкты. Референдум 11-декабрда өтүп, анда Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр кабыл алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: